×

Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен.

Ислам - бул, ааламдардын Раббисинин дини.

Раббиң ким?

Бул суроо тирүүлүктөгү эң маанилүү суроо. Бул, ар бир адам жообун так билүүгө милдеттүү болгон зарыл суроо.

Раббибиз жети кат асманды жана жерди жараткан. Асмандан жамгыр жаадырып, жамгыр менен жер бетиндеги бизге жана айбанаттарга азык боло турган мөмө-жемиш, бак-дарактарды өстүргөн.Ал биздин да, ата-бабаларыбыздын да, дегеле бардык нерсенин Жаратуучусу. Күн менен түндү да Ал жараткан. Ал түндү уктап эс ала турган, ал эми күндүздү ырыскы издеп, тирилик кыла турган кылган.Ал бизге күн, ай, жылдыз, деңиздерден бери баш ийдирип койгон. Жан-жаныбарларды да бизге баш ийдирген. Биз алардын этин жеп, сүтүн ичебиз, тери, жүнүн пайдаланабыз.

Ааламдардын Раббисинин сыпаттары кандай?

Раббибиз калайыкты жараткан Ал Өзү. Аларды акыйкат, туура жолго баштоочу да Ал Өзү. Бардык жаратылгандардын ал-абалын Ал Өзү башкарып турат. Ал Өзү аларга ырыскы берет. Бул дүйнө жашоосундагы жана акырет жашоосундагы бардык бар нерсенин Падышасы Ал Өзү. Бардык нерсе Анын мүлкү. Өзүнөн башканын баары Анын кол алдында, Ага баш иет.Ал Тирүү, өлбөйт да, уктабайт да. Ал түбөлүк тирүү, бардык тирүү жандын жүрүүсү анын амиринде. Анын Ырайымы бардык нерсени курчап алат. Жерде болобу, жети кат асманда болобу Ага эч нерсе жашыруун билинбей калбайт.Ага окшош эч нерсе жок, Ал - Угуучу, Көрүүчү. Ал кабат-кабат асмандардын үстүндө, жаратылгандарга эч муктаж эмес. А жаратылгандар Ага муктаж. Ал жараткандарынын ичиние кирбейт. Ал жараткандардын эч кимиси Анын затына кире албайт.Рабби Ал Өзү бул белгилүү ааламды эч карама-каршылыгы жок кылып, тең салмактуу ырааттуулук менен жараткан. Мейли адамдын жана айбанаттардын дене-мүчөсүндөгү ырааттуулук болсун, мейли күн, жылдыз жана башка бардык жаратылыштын ырааттуулугу болсун,(баары ырааттуу жаратылган).

Демек, Андан башка сыйынылып жаткан нерсенин баары өзүнө да пайда же зыян бере албайт. Анан кантип ага сыйынгандарга пайда берсин, же алардан кайсы бир зыянды токтото алсын?

Раббибиз үчүн биз эмне кылууга милдеттүүбүз?

Бардык адам баласынын милдети - Анын Өзүнө гана ибадат кылуу жана Ага эч нерсени шерик кылып албоо. Аны калтырып, же Аны менен бирге башка нерсеге ибадат кылууга болбойт. Мисалы, адам баласына, тоо-ташка, булак-дарыяга, таш-буркандарга, жылдыздарга жана башка нерслерге. Тескерисинче, жалгыз гана ааламдардын Раббисине калыс ибадат кылуусу керек.

Адамдардын Раббисинин алдында кандай укуктары бар?

Эгер пенделер Ага ибадат кылса, аларга тынчтык, бейпилдик, рахат, ыраазылык менен курчалган дүйнө жашоосун тартуулайт. А Акыретте болсо бейишке киризет. Бейиште туруктуу жакшылыктар жана түгөнгүс түбөлүктүүлүк бар. Эгер Ага күнөөкөр болушса жана Анын буйругуна каршы чыгышса, алардын жашоосун бактысыз жана оор кылып койот. Алар өздөрү бактылуулукта жана ырахаттабыз деп ойлосо дагы. Ал эми кыяматта андан кайра чыкпай турган тозокко киришет. Анда аларга арты-артынан келүүчү азаптар жана түгөнгүс түбөлүктүүлүк бар.

Биздин бар болуубуздун максаты эмне? Эмне үчүн жаратылдык?

Раббибиз бизди улуу максатта жараткандыгын айткан. Бул - Анын Өзүнө гана ибадат кылуу. Ага эч нерсени шерик кылбоо. Жер бетинде жакшылык кылып, оңдоп-өнүктүрүү биздин моюнубузга жүктөлгөн. Ким Раббисинен, Жаратуучусунан башкага сыйынса, демек ал жаратылуудагы максатын билбейт жана Жаратуучусу дайындаган милдетин аткарбады. Ким жер бетинде бузук иш кылса, ал өз моюнуна жүктөлгөн озуйпасын билбейт.

Раббибизге кандай ибадат кылабыз?

Улуу, Ызаттуу Раббибиз бизди жаратып, кароосуз таштап койгон эмес. Биздин жашообузду текке берген эмес. Тескерисинче, адамдардан элчилерди тандап, аларды өз элине жиберип турган. Элчи-пайгамбарлар адамдардын ичинен кулк-мүнөзү эң жакшысы, напсиси жана жүрөгү тазасы. Аларга Аллах динин түшүргөн. Динде адамдар Раббиси жөнүндө жана эсеп-кысап, жаза-сыйдын күнү болгон кыямат күнү адамдардын кайрадан тирилүүсү жөнүндө билүүсү зарыл болгон нерсенин баары камтылган.Элчилер элдерине Раббисине кандай ибадат кылууну жеткирген. Ибадатты кантип аткаруу керек, кайсы убакта аткаруу керек, ал үчүн дүйнө жана акыретте кандай сооп-сыйлар берилет, мунун баарын алар баяндап айтышкан. Тамак-аш, ичимдик, никеленүү сыяктуулардан Раббиси эмнелерге тыюу салганын айтып эскерткен. Адептүүлүккө чакырып, жаман кулк-мүнөздөн тыйып кайтарган.

Улуу, Ызаттуу Алла кайсы динди кабыл кылат?

Аллах кабыл кыла турган дин - бул, Ислам. Бул бардык пайгамбарлар жеткирген дин. Кыямат күнү Аллах Таала мындан башка динди кабыл кылбайт. Исламдан башка адамдар кабылдап алган диндердин баары жараксыз. Анын тутунган адамга пайдасы тийбейт, тескерсинче, дүйнө жана акыретте аны бактысыз кылат.

Ислам дининин усулу жана түркүктөрү кайсылар?

Бул динди Аллах Таала пенделерине аябай жеңил кылган. Диндин негизги түркүктөрү булар: Аллахтын Робби жана Илах экенине (Жаратуучу жана ибадатка татыктуу экенине) ыйман келтирүү; Анын периштелерине, китептерине, пайгамбар-элчилерине, кыямат күнүнө жана тагдырга ыйман келтирүү. Анан Аллахтан башка ибадатка татыктуу кудай жок, Мухаммад Анын элчиси деп күбөлүк келтиресиң, намаз окуйсуң, эгер колуңда зекет бергенге жетчүдөй байлыгың болсо, зекет бересиң, бир жылда бир жолу Рамазан айында орозо кармайсың, эгер жол каражатың жана шартың болсо, Аллахтын буйругу менен Ибрахим пайгамбар түптөгөн Каабага барып ажы ибадатын аткарасың.Анан Аллах Таала арам кылып тыюу салган ширк, адам өлтүрүү, зына ойноштук, арамдан жеш сыяктуу күнөөлөрдөн тыйыласың. Аллахка ишенип, жогорудагы ибадаттарды аткарып, бул күнөөлөрдөн тыйылсаң, бул дүйнөдө мусулмансың. Акыретте сага Аллах түгөнгүс сый, түбөлүктүү жашоосу бар бейишти тартуу кылат.

Ислам кайсы бир элге же жыныска тиешелүү динби?

Ислам жалпы адам баласынын дини. Динде адамдардын бири-биринен эч айырмасы жок, баары бирдей, болгону адамдар такыбалыгы жана аткарган ийги иш-амалдары менен гана айырмаланат.

Адамдар элчи-пайгамбарлардын (аларга Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) чынчыл экендиктерин кантип билишет?

Адамдарга пайгамбарлардын (аларга Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) чынчыл экендиктерин билдирген бир канча жолдор бар, алардын кээ бири төмөнкүлөр:

Алар алып келген акыйкат, туура жолду акыл да, таза табият да кабыл кылат. Анын жакшы экенине акыл өзү күбө болот. Пайгамбарлардан башкалар мындай жолду алып келе алышпайт.

Элчилер элдин дин жана дүнүйө иштерин оңдоо үчүн, иштерин турукташтырып, өнүктүрүү үчүн, динин, акылын, мал-мүлкүн, абийирин сактоо үчүн келишкен.

Элчилер адамдарды туура жолго салып жакшылык кылганы үчүн алардан эмгек акы сурабайт. Алар Раббисинен сооп-сый күтүшөт.

Элчилер алып келген дин акыйкат, анык, ага эч шек саналбайт. Карама-каршылык жана дал келбестик жок. Бардык пайгамбарлар өзүнөн мурда келген пайгамбарларды тастыктап, ошолор чакырган динге чакырат.

Аллах пайгамбарларды (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) алар аркылуу көрсөткөн ачык-айкын аят-белгилери жана жокко чыгаргыс мужизалары менен кубаттап турган. Бул мужизалар алардын чындап Аллах тарабынан жиберилгендигин тастыктаган. Бул мужизалардын эң чоңу акыркы элчи Мухаммеддин (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) мужизасы болгон. Ал - Ыйык Куран.

Ыйык Куран деген эмне?

Ыйык Куран - бул, ааламдардын Раббисинин китеби. Ал - Аллахтын сөзү. Аны Жебирейил периште элчиси Мухаммадга алып түшкөн. Куранда адамдардын билүүсү зарыл болгон Аллах, Анын периштелери, китептери, элчилери, кыямат күнү, тагдырдын жакшы-жаманы жөнүндө айтылган.Куранда ошондой эле ибадаттардын парз түрлөрү, сакталышы керек болгон тыюулар, мактоого татыктуу жана жаман адеп-ахлактык көрүнүштөр, адамдардын дин жана дүнүйө иштерине тиешелүү бардык нерселер, ошондой эле алардын акырет жашоосу тууралуу да сөз кылынат. Бул адамдарды алсыз калтырган китеп жана Аллах адамдарды ага окшош нерсени ойлоп табууга чакырган. Куран кайсы тилде түшүрүлгөн болсо, кыяматка чейин ошол тилде сакталат. Анын бир тамгасы да кемибейт, бир сөзү да алмаштырылбайт.

Кайра тирилүүнүн жана эсеп-кысап берүүнүн кандай далилдери бар?

Сен жашоосу токтоп калган кургак жерди көрүп турасыңбы? Эгер ага жамгыр жааса, ал жанданып, ар түрдүү өсүмдүктөр өнүп чыгат. Ошол өлүк жерди тирилткен Аллах өлүк адамдарды да кайра тирилткенге кудуреттүү.Инсанды былжырак суудан жаратып койгон Аллах, кыяматта аны кайра тирилтүүгө кадыр. Аны эсеп-кысап кылып, эгер жакшы болсо жакшылык менен сыйлап, жаман болсо жамандык менен жазалайт.Жети кат асманды, жерди жана жылдыздарды жараткан Аллах, инсанды кайра жаратууга кадыр. Анткени, инсанды кайра калыбына келтирип коюу жети кат асман менен жерди жаратууга караганда оңой эмеспи.

Кыямат күнү эмне болот?

Аллах Таала калайыкты мүрзөлөрүнөн тирилтип чыгарат. Анан алардын кылган иштерин эсеп-кысап кылат. Ким ыйманга келип, элчи-пайгамбарларды тастыктап ишенген болсо аны бейишке киргизет. Бейиш адам баласынын кыялына сыйбаган түгөнгүс жакшылыктарга толо. Ал эми ким каапырлык кылса, аны адам баласы сүрөттөй албаган оор азаптары бар тозокко таштайт. Адамдар бейишке же тозокко киргенден кийин, андагы азапта же жыргалда чеги жок түбөлүк калышат.

Эгер бирөө Исламды кабыл кылгысы келсе, эмне кылышы керек? Ага атайын даярдалган жөрөлгөлөр керекпи, же ага кимдир бирөө уруксат бериши зарылбы?

Эгер адам акыйкат дин бул Ислам дин экенин, ааламдардын Раббисинин дини экенин билсе, ал Исламга кирүүгө шашылуусу керек. Анткени, акылдуу адамга акыйкат анык болсо, аны дароо аткарат, кийинкиге калтырбайт.Исламга кирүүнү каалаган адамга атайын жөрөлгөнүн зарылдыгы жок. Ага кимдир бирөөнүн катышуусу да шарт эмес. Бирок, динди кабылдаганда анын жанында кайсы бир мусулмандын болгону, же Ислам борборунда болгону жакшы. Болбосо, ага "Аллахтан башка ибадатка татыктуу кудай жок, Мухаммад анын элчиси" деп айтканы, айтканынын маанисине түшүнүп, жүрөгү менен ишенгени эле жетиштүү. Ушуну менен ал мусулман болот. Анан буйрулган иштерди аткаруу үчүн Ислам шариятын акырындык менен үйрөнө берет.

Ислам - бул, ааламдардын Раббисинин дини.

Раббиң ким?

Ааламдардын Раббисинин сыпаттары кандай?

Раббибиз үчүн биз эмне кылууга милдеттүүбүз?

Адамдардын Раббисинин алдында кандай укуктары бар?

Биздин бар болуубуздун максаты эмне? Эмне үчүн жаратылдык?

Раббибизге кандай ибадат кылабыз?

Улуу, Ызаттуу Алла кайсы динди кабыл кылат?

Ислам дининин усулу жана түркүктөрү кайсылар?

Ислам кайсы бир элге же жыныска тиешелүү динби?

Адамдар элчи-пайгамбарлардын (аларга Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) чынчыл экендиктерин кантип билишет?

Ыйык Куран деген эмне?

Кайра тирилүүнүн жана эсеп-кысап берүүнүн кандай далилдери бар?

Кыямат күнү эмне болот?

Эгер бирөө Исламды кабыл кылгысы келсе, эмне кылышы керек? Ага атайын даярдалган жөрөлгөлөр керекпи, же ага кимдир бирөө уруксат бериши зарылбы?


معلومات المادة باللغة العربية