الوصف
كتاب مُترجم إلى اللغة القرغيزية، للعلامة ابن عثيمين - رحمه الله - اشتمل على المباحث التالية : • الدين الإسلامي • أركان الإسلام • أسس العقيدة الإسلامية • الإيمان بالله تعالى • الإيمان بالملائكة • الإيمان بالكتب • الإيمان بالرسل • الإيمان باليوم الآخر • الإيمان بالقدر • أهداف العقيدة الإسلامية.
ترجمات أخرى 40
المحاور
Чексиз Ырайымдуу жана Мээримдүү Аллахтын аты менен
Бардык мактоолор жалгыз Бийик Аллахка таандык. Биз аны даңктап- даңазалап, Андан жардам сурайбыз, Ага тообо кылып,Жана жаман нафсибизден, туура эмес амалдарыбыздын жамандыгынан Анын коргоосун сурайбызАллах кимди туура жолго (хидаятка) баштаса, аны эч ким адаштыра албайт.Ошондой эле, Аллах кимди адаштырып койсо, эч ким аны туура жолго сала албайт.Жана мен: «шериксиз, жалгыз Бийик Аллахтан башка сыйынылуучу зат жок жана Мухаммад анын кулу жана элчиси»-деп күбөлүк беремин.Пайгамбарыбыз Мухаммадка, анын үй-бүлөсүнө, сахабаларына жана аларга жакшылык менен (туура) ээрчиген бардык адамдарга Аллахтын ырайымы жана саламы болсун.
Андан кийин
Тавхид илими илимдердин эң кадырлуусу, эң бийиги жана эң зарылы болуп саналат. Анткени, Тавхид дегени Бийик Аллахты, Анын ысым- сыпаттарын жана пенделеринин үстүндөгү укуктарын билүү деген маанини түшүндүрөт. Тавхид илими Аллахка алып бара турган жолдун ачкычы жана бардык шарияттардын негизи.
Мына ошондуктан, бардык пайгамбарлар Тавхидге даават кылууда бир жол, бир пикирдин үстүндө болушкан. Бийик Аллах айтты«Сенден абалкы жиберген пайгамбарларга: «Менден башка сыйынылуучу жок, Мага гана ибадат кылгыла (сыйынгыла) деп кабар кылдык»Анбия сүрөсү: 25Аллахтын жалгыздыгына (Тавхидге) Аллахтын Өзү, периштелери жана илим ээлери күбөлүк беришкен.Бийик Аллах айтты:«Аллах «Эч бир сыйынылуучу жок жалгыз Анын Өзү бар»-деп күбөлүк берди, жана периштелер менен илим ээлери да адилет менен туруп: «Эч бир сыйынылуучу жок, жалгыз Анын Өзү бар. Ал Күч-Кубаттуу жана Даанышман»-деп күбөлүк беришти.Аалы Имран:18
Тавхидтин мааниси ушул даражада улук болгон соң ар бир мусулман, өз динин таза, ишенимдүү негизде куруу үчүн Тавхидти үйрөнүп- үйрөтүшү, анын үстүндө пикир жүгүртүүсү жана ага ишеним сүрөтүндө көңүл бөлүүсү зарыл. Мына ошондо ал Тавхидтин мөмөсүн жана натыйжаларын көрөт.
Автор
Ислам-Бийик Аллахтын Мухаммад Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) аркылуу жиберген эң акыркы дини. Аллах пенделери үчүн Исламды толук (кемчилиги жок) кылып берип, Ислам себептүү аларга нээмат-жакшылыктардын баардыгын берди жана аларга Ислам гана дин болуусун каалады. Ошентип, эч кимден Исламдан башка дин кабыл алынбайт.Бийик Аллах айтты:«Мухаммад, араңардагы эч бир эр кишинин атасы эмес, бирок ал Аллахтын элчиси жана пайгамбарлардын акыркысыдыр»Ахзап сүрөсү: 40Бийик Аллах айтты:«Бүгүн мен сиздерге Өз динимди, толук нээматтарымды кемчиликсиз кылдым жана сиздерге исламды гана дин - деп ыраазы болдум».(Маида :3)Бийик Аллах айтты:«Аллахтын алдында (кабыл болуучу) дин –Ислам»Аалы Имран:19Бийик Аллах айтты:«Ким Исламдан башка динди кааласа, андан кабыл кылынбайт жана ал акыретте зыян тартуучулардан болуп калат».Аалы Имран:85Чындыгында, Алла Таала, Өзүнө Ислам дини менен гана сыйынууларын бардык адамдарга парыз кылды. Ал Өз элчисине (ага Алланын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) мындай деп кайрылган:«Айт (Эй Мухаммад): «О, адамдар! Мен Аллахтын жиберген элчиси боломун. Аллах ушундай: Асман менен жердеги бардык мүлк Аныкы. Эч бир сыйынылуучу жок, Анын Өзү бар. Ал өлтүрөт жана тирилтет. Аллахка жана Анын Элчиси –Уммий (мурда окууну билбеген жана кат тааныбаган) пайгамбарга ыйман келтиргиле. Ал Аллахка, Анын сөздөрүнө ыйман келтирген пайгамбар. Ага ээрчигиле. Ошондо туура жол табаарсыңар».(Аьараф:158)Сахих МуслимдеАбу Хурайрадан (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылынган хадисте Алланын элчиси (ага Алланын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) айтты:«Мухаммадтын жаны Анын колунда болгон Затка ант берип айтам: бул уммөт арасындагы яхудий жана Христиандардын кимиси болбосун, мен алып келген нерсени угуп туруп, ыйман келтирбей өлсө, тозок элинен болот»Ал эми, Алланын элчисине (ага Алланын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) ыйман келтирүү оозеки түрдө гана тастыктап коюу менен эмес, балким ал алып келген нерсеге моюн сунуп иш (амал) түрүндө тастыктоо. Мына ошондуктан Абу Талип исламды: «бул диндердин арасындагы эң жакшы дин: - деп оозеки тастыктаганы менен мусулман боло алган жок.Ислам дини байыркы бардык диндердин жакшы касиеттерин өз ичине камтыган дин болуу менен бирге, бардык заман, бардык мекен жана бардык элдерге жарактуу болуу менен алардан айырмаланып турат. Бийик Аллах өз элчисине кайрылып, мындай деди:«Биз сага, өзүнөн абалкы Китептерди тастыктаган жана аларга өкүмдарлык кылган Куранды акыйкат менен түшүрдүк»(Маида :48)
Исламдын бардык заман, бардык мекен жана бардык элдерге ылайык—жарактуу экенинин мааниси, кээ бир адамдар түшүнгөндөй, ислам замандын, мекендин жана элдердин кызыкчылыгына моюн сунат дегени эмес, тетирисинче, аны кабыл алуу эч бир заманда, эч бир элдин пайдасына каршы келбейт дегенди билдирет.
Ислам дини акыйкат дин. Бийик Аллах бул динди тутунган кишилерге жеңиш берүүнү жана бул динди башка диндерден үстөм – жогору кылууга кепилдик берген. Бийик Аллах айтты:«Ал (Аллах) – мушриктер жаман көрсө да-Исламды бардык диндердин үстүнөн жогору кылуу үчүн өз элчисин хидаят жана акыйкат дин менен жиберген Зат».(Саф :9)Бийик Аллах айтты:«Силердин араңардан ыйман келтирип жакшы амал кылган кишилерге Аллах, алардан илгеркилерди өкүмдар, башчы кылгандай, аларды да жер бетине сөзсүз түрдө өкүмдар кылаарын, алар үчүн ыраазы болгон диндерин орнотуп берерин жана алардын коркууларын тынчтык-бейпилдикке айланттыраарын убада кылды. (Жана айтты) : «Алар мага гана ибадат кылышат. Мага эч нерсени шерик кылышпайт. Мына ушундан кийин ким каапыр болсо, ошолор анык бузуку кишилер»(Нур:55)
Ислам дини толук – кемчиликсиз акыйда (ишеним) жана толук – кемчиликсиз шарият (жол) болуп эсептелинет.
Аллахтын жалгыздыгына (тавхидге) буюруп, Аллахка шерик кошуудан (ширктен) кайтарат
Чынчылдыкка буюруп, калптан кайтарат
Адилеттүүлүккө буюруп, зулумдан кайтарат. Адилеттүүлүк бул акысы бирдей нерселердин арасында теңчилдик кылуу, жана акысы ар башка болгон нерсердин акыларын өз жайына койуу. Ал эми, кээ бир адамдар айткандай: бардык нерселердин ортосунда абсолюттук теңчилдик бул адилеттүүлүк эмес. Дагы айтышат: Ислам теңчилдиктин дини. Бул туура эмес. туурасы Ислам адилеттүүлүктүн дини. Анткени акысы ар башка болгон нерселердин арасында теңчилдик кылуу зулум болот. Ислам зулумдукту кайтарат. Аны кылган кишини айыптайт.
Аманаткөйлүккө буйруп, кыянат кылуудан тыят
Убадага бекемдикке (опалуулук) буюруп, чыккынчылыктан кайтарат
Ата-энеге жакшылык кылууга буюруп, алардын көңүлүн калтыруудан (ак болуудан) кайтарат,
Тууганчылыкты бекемдөөгө буюруп, үзүлүүдөн кайтарат,
Кошунага жакшы мамиле кылууга буюруп, жаман мамиле кылуудан кайтарат
Кыскасы, ислам бардык улук, изги кулк-мүнөздөргө буюруп, бардык төмөн – ыпылас, адепсиз кылыктардан кайтарат.
Бардык жакшы амалдарга буйруп, жаман амалдардан тыят
Бийик Аллах айтты:«Бийик Аллах адилеттүүлүккө, жакшылыкка жана тууган-уруктар менен мамиле кылууга буюруп (шариятта) тыюуу салынган бузук, туура эмес иштерден жана зулум кылуудан кайтарат. Ал силерге Өзүн эскерүүңөр үчүн насаат кылат»(Нахл:90)
Ислам негиздери, Абдуллах ибн Умардан риваят кылынган пайгамбардын (ага Алланын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) төмөндөгү хадиси боюнча бешөө:«Ислам беш нерсеге негизделген: «Аллахтан башка сыйынылуучу жок жана Мухаммад Аллахтын кулу жана элчиси» -деп күбөлүк берүү, намазды толук аткаруу, зекет берүү, рамазан орозосун кармоо жана ажыга баруу».Бирөө: "Ажылык, анан Рамазандын орозосубу?" деп сурадыАйтты: "Жок, Рамазандын орозосу, анан Ажылык"Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) ушинтип айтканын уккам«Аллахтан башка сыйынылуучу жок жана Мухаммад Аллахтын кулу жана элчиси»-деп күбөлүк берүү, оболу жүрөк менен ушуга ишенип, ошол ишенимди тил менен айтуудан турат. Тил менен айткандан максат, жүрөктөгү ишенимди бекемдеп коюу үчүн. Бул күбөлүк келмесинде «Аллахка» жана «Мухаммадка» деп, экөөнө күбөлүк берилип (эки сүйлөмдөн турганы менен), экөө биригип бир негиз болуп саналат.Анткени, Мухаммад Аллахтын сөздөрүн жеткирүүчү. Ошондуктан биз анын пенделигине жана элчилигине күбөлүк берсек, бул күбөлүк өз-өзүнөн «Аллахтан башка сыйынылуучу жок» деген күбөлүктүн курамына кирип кетет.Же болбосо, мындай түшүнсөк да болот: күбөлүктүн эки бөлүктөн турганы момундун иштеринин, амалдарынын таза жана жакшы кабыл болуусун шарттайт. Анткени, амалдар Аллахка болгон ыкылас (жалгыз Анын ыраазычылыгын каалоо) жана Аллахтын элчисине ээрчүү менен гана кабыл болот. Күбөлүк келмесинин «Аллахтан башка сыйынылуучу жок» деген бөлүгү мусулмандын ыкласын чагылдырса, «Мухаммад Аллахтын кулу жана элчиси» деген бөлүгү, мусулман пенде сөзсүз түрдө Аллахтын элчисине ээрчүүсү зарыл экенин түшүндүрөт.
Бул эки күбөлүк келмесин түшүнүү менен кабыл алган адамдын өзү жана жүрөгү Аллахтан башка нерселерге болгон кулчулуктан азат болот жана бул жашоодо Аллахтын элчисинин жолунан башка жолдорго ээрчибейт.
Намазды толук аткаруу-бул намазды өз убактысында, талап кылынгандай абалда, үзгүлтүккө учуратпай толук окуу менен Аллахка болгон сыйынуу дегенди билдирет.
Намазды эмне экенин түшүнүп окуган адамдын жүрөгү сыгылбайт. Намаз окуудан ырахат алат жана намаз себептүү жаман иштерден тыйылат.
Зекет берүү- бул белгиленген өлчөмгө жеткен жеке менчик байлыгынан шарият тарабынан белгиленген бир үлүшүн берүү менен аткарылчу ибадат-кулчулук болуп саналат.
Зекет бергендин пайдасы, адам эң жаман кулк-сараңдык жана кызганчаактыктан арылат жана мусулмандардын муктаждыгын орундатуу менен сооп табат.
Рамазан орозосу бул, рамазан айында күндүз күндөрү орозону буза турган нерселерден өзүн токтотуп, орозо кармоо менен аткарылчу ибадат.
Рамазан орозосунун пайдасы, мусулман адам Аллахтьн ыраазычылыгы үчүн өз нафсиси умтулган нерседен өзүн токтотуп, нафсини каниет жана чыдамкайлыкка үйрөтөт.
Хаж (ажылык)тын мааниси ажылык ритуалдарын аткаруу үчүн Кааба мечитине барууга ниет кылып, сапар кылуу менен боло турган ибадат.
Ажылыктын өтө зор пайдалары бар. Маселен, ажыны ниет кылган адам, Аллахтын ыраазычылыгы үчүн денеге келген оорчулуктарды, материалдык чыгымдардын түйшүгүн көтөрүү менен өзүн ар кандай оорчулуктарга чыйралтат.
Ислам негиздеринин биз эскербеген дагы далай пайдалары бар. Ал пайдалар (мөмөлөр, натыйжалар) ислам негиздерин такай аткарып жүргөн элдерди таза, аруу Аллахка чыныгы дин менен ибадат кыла турган, башка элдер менен адилет, чынчыл мамиле жасай турган нукура Ислам үммөтү кылып тарбиялайт. Ислам шариятынын башка багыттарынын оңолуусу, ушул беш негиздин жакшы аткарылышына байланыштуу. Ал эми жалпы эле ислам үммөтүнүн (мусулмандардын) ахыбалынын оңолуусу бардык шарият иштеринин оңолуусу менен болот. Ошондой эле, мусулмандардын жаман ахыбалга түшүп калуулары, дин иштерин (өкүмдөрүн) начар аткаруудан улам болот.
Ким бул чындыкты дагы тереңирек түшүнүүнү кааласа, төмөндөгү аяттарды окусун, Бийик Аллах айтты:«Эгер айыл элдери ыймандуу жана такыбалуу болушса, анда биз аларга жер жана асмандардан берекелерди ачып коер элек. Бирок алар (динге ишенбей) пайгамбарларды жалганчыга чыгарышты. Анан биз аларды кылган иштеринин беделине жазаладык"Айыл адамдары, аларга Биздин азабыбыз түндөсү уктап жаткан мезгилдеринде келип калуусунанЖе болбосо, күн шашкеде ойноп турган мезгилдеринде келип калуусунан бейгам болуштубу?"Алар Аллахтын амалынан бейгам болуштубу? Аллахтын амалынан зыянга учуроочу коомдор гана бейгам болушат»(Аьараф: 96-99)
Өткөн адамдардын тарыхына карагылачы! Тарыхта жүрөгү сокур болуп калбаган, акылдуу адамдар үчүн чоң үлгү-ибараттар бар! Чындыкты билүүдө Аллахтын Өзү жардамчы болсун.
Ислам дини – биз жогоруда айтып өткөндөй –акыйда (ишеним, ыйман) жана шарияттан турат. Өткөн темада биз ислам шариятынын негиздери жөнүндө айттык.
Ал эми, ислам акыйдасынын негиздери болсо, Аллахка, Анын периштелерине, китептерге, пайгамбарларына, акырет күнүнө жана тагдырга (жакшысына да, жаманына да) бекем ишенүүдөн турат.
Бул негиздер Аллахтын китеби Куранда жана элчисинин сүннөттөрүндө көргөзүлгөн.
Бийик Аллах Өз китеби Курани-Каримде мындай деген:«Жакшылык (ыйман) жүзүңөрдү чыгыш жана батыш тарапка бурууңар эмес, балким жакшылык Аллахка, акырет күнүнө, периштелерге, китепке (Куранга) жана пайгамбарларга ишенген кишинин ыйманы"(Бакара: 177)Бийик Аллах тагдыр жөнүндө мындай деген:«Биз бардык нерсени ченем-өлчөм менен жараттык""Биздин буйругубуз бир (сөз менен) көз ирмем сыяктуу (да кеч калбайт)»(Камар: 49-50)Ал эми, сүннөттө болсо, Аллахтын элчиси Жебирейил периштенин суроолоруна жооп берип мындай деген:«Сенин Аллахка, периштелерине, китептерине, элчи-пайгамбарларына, акырет күнүнө жана жакшы-жаман тагдырына ишенгениң – Ыйман»
Аллах Таалага ыйман келтирүү төрт маселени өз ичине алат:
Биринчи:Бийик Аллахтын бар экенине ыйман келтирүү (ишенүү).Аллахтын бар экенине шарият жана адамдын таза табияты, акыл-эси, сезимдери далилдейт.Таза табияттын далил болушу мындай, бардык макулуктар, аларга үйрөтүп, таалим берилбесе да Аллахтын бар экендигин билүү алардын жаратылышында (табиятында, кан-жанында) бар болот. Демек, адам жаратылыштан момун (ыймандуу) болуп төрөлөт, бирок кийинки бузук таалимдер аны ыймандан буруп жиберет. Муну Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) төмөндөгүчө түшүндүргөн:«Ар бир ымыркай табигый ыйманы менен туулат. Бирок аны кийин ата-энеси же яхудий же христиан же мажуси (отпарас) кылып тарбиялайт"
Аллахтын бар экенине акыл-эстин далили мындайча, байыркы жана азыркы бардык макулуктардын бир жаратуучусу болот. Анткени, алар өзүн-өзү жаратпаган жана өзүнөн-өзү да жаралбаган.
Эч бир нерсе өзүн-өзү жарата албайт, себеби ал жаралганга чейин жок болчу. Ошентип, ал жаратуучу боло албайт.
Ошондой эле нерселер кокустук менен өзүнөн-өзү да жаралбайт. Бул мүмкүн эмес. Ааламдын жаратылышындагы өтө назик, кылдат мыйзамдуулук, тартип, өз-ара дал келүү жана себептер менен натыйжалардын ортосундагы, аалам койнундагы астрономиялык телолордун арасындагы биригип, ааламдын өзүнөн-өзү кокустук менен жаралып калганын карандай четке кагат
Эгер макулуктар өздөрүн-өзү жаратпаган экен жана өзүнөн-өзү жаралбаган экен, анда аларды жараткан акылдуу, даанышман зат болушу керек. Ал –Бийик Аллах.
Бийик Аллах бул акыл-эске таандык далилди төмөндөгүчө баяндайт:«Алар эч нерсесиз жаратылыштыбы же алардын өздөрү жаратуучубу?»(Тур: 35)Мунун мааниси алар жаратуучусуз жаратылышпады. Өздөрүн-өздөрү да жаратпады. Ушундан улам алардын жаратуучусу Аллах экени анык болот. Улук сахаабалардын бири Жубайр-ибн-Мутим Ислам динин кабыл албаган бутпарастык доорунда Алахтын элчисинин ушул аяттарды окуп жатканын укту:«Алар эч нерсесиз жаратылыштыбы же алардын өздөрү жаратуучубу?»Же асмандар менен жерди (алар) жараттыбы?! Жок! Алар анык ишенишпейт!Же Раббиңдин казналары алардын алдындабы?! Же алар өкүмдарбы?!»(Тур: 35-37)Бул учурда Жубайр динге кире элек болчу, ал айтат:«Мен бул аяттарды укканда жүрөгүм кабынан чыгып кетейин деди. Бул жүрөгүмө ыйман кирген абалкы көз ирмемдер болчу».
Ушул маселе боюнча бир мисал келтиребиз. Бир адам сизге: «Ортосунан дарьялар агып өтө турган бактар менен оролгон, кооз килемдер жана башка зыйнаттар менен кооздолгон мына бул заңгыраган сарай өзүн-өзү курган (же өзүнөн өзү курулуп калган)» десе, сиз анын сөздөрүн маанисиз, былжырак сөздөр экенин бетине эле айтасыз. Ушундай экен анда, ичинде жери, асмандары жана башка плланеталары болгон, кооз жана мыйзам –тартиптүү бул Аалам деген чоң искусство кантип өзүн-өзү жаратсын же өзүнөн -өзү жаратуучусуз эле жаралып калсын?!
Аллахтын барлыгына шарияттын далилдери. Бардык асмандан түшкөн ыйык китептер Бийик Аллахтын бар экендигин баяндайт. Ал илахий (Аллахтан түшкөн) китептердеги элдердин жашоо-турмушун оңдогон теңдешсиз өкүмдөр, элдердин эмнеге муктаж экенин билген жана ошого жараша өкүм түшүргөн илимдүү жана Даанышман Рабби тарабынан келгенине далил болот. Ошондой эле, космостук, астрономиялык ж.б. окуяларды кабар берген, ал окуялар инсандын илиминде тастыкталуусу, ар нерсени убактысында болтурууга Кудуреттүү болгон Жаратуучу тарабынан болгонуна далил болот.
Аллахтын бар экенине сезимдерден далилдер. Адамдагы сезим органдары Аллахтын бар экенине эки багыт менен далил болот. Биринчи багыт: биз реал жашоодо тарыхта да, акыркы күндө да, Аллахтан бир нерсе сурап, дуба кылуучулардын дубалары кабыл болгонун жана болуп жатканын өз көзүбүз менен көрүүдөбүз. Мына ушунун өзү дубага жооп берүүчү Раббинин бар экенине далил. Бийик Аллах айтты:«Нух Бизге дуба кылып кайрылган эле, биз жооп бердик (кабыл кылдык)».Анбия сүрөсү: 76Бийик Аллах айтты:«Эгер силер Раббиңерден жардам сурасаңар, Ал силерге жооп берет»(Анфал: 9)Имам Бухарий «Сахих» китебинде Анас ибн Мааликтен риваят кылды: «Жума күнүндө Аллахтын элчиси хутба окуп турган мезгилде бир бедуин арап кирип келди дагы: «Эй, Аллахтын элчиси, малдар кыйрап, үй-бүлөлөр ачка калды. Аллахка дуба кыл, (бизден бул кыйынчылыктарды арылтсын)» - деди. Аллахтын элчиси колун көтөрүп дуба кылды эле, тоо сыяктуу булуттар асманда заматта козголду. Аллахтын элчиси минбарда турган кезинде эле сакалынан жамгыр тамчылап турганын көрдүм. Келерки жума ошол бедуин же башка бирөө ордунан туруп: «Эй, Аллахтын элчиси, (жамгыр көп жаагандан улам) үйлөр урап, мал-жан өлүп жатат. Аллахка дуба кыл, бизден бул кыйынчылыкты көтөрсүн»-деди. Аллахтын элчиси колун көтөрүп:«О Аллахым, бизге эмес чет-тегеректерге жаадыр» - деди да колун кай тарапка жаңсап ишарат кылса, ошол тараптагы булут тарап, жамгыр токтоду».Азыркы күнүбүзгө чейин Аллах Таалага ыкылас берилгендик менен жалбарып дуба кылуу шарттарын толук аткарып, дуба кылган адамдардын дубаларынын кабыл болгонун көрүп билип турабыз.Экинчи багыт:Пайгамбарлардын пайгамбарчылыгынын белгиси болгон муъжизаларды (инсандын кудуретинен сырткары болгон кереметтер) адамдар өз көздөрү менен көрүп, өз кулактары менен угушкан. Мына ошол муъжизалар Аллахтын бар экенине эң чоң далил болчу. Анткени, мужъизалар инсан күч-кудуретинен сырткы нерсе болчу. Аларды, Өз пайгамбарларын кубаттоо үчүн Аллахтын Өзү (пайгамбарларынын колу менен) жасайт эле.Маселен, Муса алейхи саламдын аса таягы. Бийик Аллах Мусага таягы менен деңизди урууну буюрду. Муса муну аткарды эле (он эки уруу Мусанын коому үчүн) деңизден он эки жол ачылып, араларында өркөчтүү толкундар тоо сыяктуу болуп бөлүнүп турду. Бийик Аллах айтты:«Биз Мусага: «Аса таягыңды деңизге ур»-деп кабар кылдык. (Ал урганда) деңиз бөлүндү. Ар бир бөлүк, үлкөн тоо сыяктуу болду»(Шуара: 63)Дагы бир мисал, Иса алейхи саламдын Аллахтын уруксаты менен өлүк денелерди тирилтип, мүрзөлөрдөн чыгарган муъжизасы. Аллах Таала (Ыйса Пайгамбардын тилинен) айтты:«…жана Аллахтын уруксаты менен өлүктөрдү тирилтемин»Аалы Имран:49Жана айтты:«…жана Менин каалоо-уруксатым менен өлүк денелерди тирилтип, мүрзөлөрүнөн чыгарасың»(Маида:110)Үчүнчү мисал:Меккедеги Курайш каапырларынын суроосу менен Мухаммад (ага Алланын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) колу менен айга ишарат кылганда айдын экиге бөлүнүү муъжизасы. Аллах Таала айтты:«Кыямат жакындашты, Ай экиге бөлүндү"Эгер алар (бул) муъжизаны көрүшсө жүз бурушат жана «бул баякы эле сыйкыр» деп айтышат»(Камар 1-2)
Көз менен көрүлгөн жана кулак менен угулган ушул муъжизаларды Аллах элчилерди колдоо, аларды жеңишке жеткирүү үчүн жасаган жана ушул нерселер да Аллахтын бар экенине далил болот.
Аллах Тааланын Рубубиятына ыйман келтирүү (б.а. Аллах Тааланы шериги, жардамчысы жок болгон Кожоюн деп ишенүү)
«Рабби» дегендин мааниси жаратуунун кожоюндук жана буюруунун толук (абсолют) кожоюну демек. Рабби - бул, Аллах Таала. Ошондуктан буюруу иши жалгыз Аллахка тиешелүү иш,Бийик Аллах айтты:«Буюруу жана жаратуу Аллахка гана таандык экенин билгиле»(Аьраф: 54)Жана айтты:"Бул Аллах силердин Раббиңер. Эгедер кожоюндук Ага гана таандык. Бийик Аллахтан башка силер дуба кылып жаткан (жалган кудайлар) кыпындай нерсеге да эге-кожоюн эмес».(Фатир: 13)Тарыхта Аллахтын рубубиятын (Ааламдын жаратуучу-кожоюну экендигин) танган, кайтарган адамдар кезикпейт.Кезиксе да алар Фараон сыяктуу, ишеним менен эмес, текеберликтен улам Аллахтын Рабби-кожоюн экенин четке каккан. Ошол эле Фараон элдерге карап:«Мен силердин жогорку даражалуу Кудайыңар болом»,(Ан-Наазиат: 24)Жана айтты:«Эй коом, мен силердин менден бөлөк кудайыңар бар деп билбейм»(Касас: 38)Бирок бул ишенимден эмес, Бийик Аллах айтты:"Өздөрү (чындык экенин) билип турса да, зулумдук, текебердик менен четке кагып коюшту..."(Намл: 14)Куранда баяндалган Муса алейхи саламдын сөзүнө кулак салалы:«Эй, Фараон сен (бул динди) асмандар жана жердин Кожоюну жибергенин анык билдиң»(Исра :102) ошон үчүнБиздин пайгамбарыбыз менен согушкан Мекке мушриктери (каапырлары) деле ибадатта Аллахка шерик кылуу менен бир эле мезгилде Аллахтын рубубиятына (Рабби-кожоюндугуна) ишенишет болчу. Бийик Аллах айтты:«Айткын: «Эгер билсеңер, жер жана андагы нерселер кимдики?»Алар тез эле «Аллахтыкы»-дешет. Сен : «(анда) Аллахты эскербейсиңерби?» - дегин.(Дагы) Айткын: «Жети (кат) асмандын жана бийик Арштын Раббиси ким?»Алар дароо «Аллах»- дешет. Анда сен: « (ошол Аллахтан) коркпойсуңарбы?» дегин"Айт: "Бардык нерселердин падышалыгы кимдин колунда? Ал коргойт, (ал эми, эмнени жок кылууну кааласа) эч ким аны коргой албайт. Эгер билсеңер?"Алар: Аллахка таандык" дешет. Айткын: "Кантип алдануудасыңар"(Муьминун:84-87)Бийик Аллах айтты:«Эгер сен мушриктерден» асмандар жана жерди ким жараткан» деп сурасаң, алар «Күч-Кубаттуу жана Билүүчү Зат» деп айтышат»(Зухруф:9)Аруу Аллах айтты:"Эгер алардан "Силерди ким жараткан" деп сурасаң, Алар: "Аллах" деп жооп беришет. Дагы кайда бара жатасыңар?"(Зухруф: 87-аят)
Бийик Аллахтын буйругу (өкүмдарлыгы) Жаратылышка кандай өтүмдүү болсо, инсаниятка да ошондой өтүмдүү. (Анткени, инсан жаратылыштын бир бөлүгү). Бийик Аллах Өз даанышмандыгы менен жаратылыш иштерин кандай башкарса, инсаният жашоосун да ошондой эле башкаруу үчүн Өзү мыйзам-шарият түзүп берген. Ал Өзүнүн даанышмандыгы менен инсаниятка мамиле өкүмдөрүн жана ибадат эрежелерин түзүп берди. Ал эми, ким ибадатта, шарияттык мамилелерде Бийик Аллахка башка эреже түзүп берүүчү өкүмдарды шерик кылса, ыйманы туура эмес ыйман, өзү Аллахка шерик кошкон болот.
Үчүнчүдөн: Аллах Тааланын улухиятына (жалгыз илах-кудай экенине) ыйман келтирүү. "Илах» деген сөздүн мааниси «сыйынылган кудай» дегенди билдирет...
Бийик Аллах айтты:«Силердин илахыңар жалгыз. Эч бир илах жок. Жалгыз Рахман жана Рахийм болгон Ал гана бар»(Бакара: 163)Бийик Аллах айтты:«Аллах «Эч бир сыйынылуучу жок жалгыз Анын Өзү бар»-деп күбөлүк берди, жана периштелер менен илим ээлери да адилет менен туруп: «Эч бир сыйынылуучу жок, жалгыз Анын Өзү бар. Ал Күч-Кубаттуу жана Даанышман»-деп күбөлүк беришти.Аалы Имран:18Аллахтан башка, адамдар сыйынып жаткан бардык нерселердин сыйынылуучу экени жалган. Бийик Аллах айтты:«Бийик Аллах гана акыйкат. Андан башка адамдар сыйынып жаткан кудайлар жалган. Шексиз Аллах Эң жогорку жана Даанышман Зат»(Хаж: 62)Адамдар (адашуучулуктан улам) сыйынып келген нерселерди илах деп атоо аларды чыныгы сыйынылуучу даражасына көтөрбөйт. Бийик Аллах мушрик араптар сыйынган Лат, Манат жана Узза деген буттардын ысымдары жөнүндө мындай деген:«Алар болгону, силер жана ата-бабаңар коюп алган ысымдардан башка нерсе эмес. Аллах ал ысымдарга эч кандай далил түшүрбөгөн»(Нажм:23)Худ пайгамбар тууралуу, ал коомуна минтип кайрылганын айтат:"Кудай экенине Аллах эч бир далил түшүрбөгөн, силер жана ата-бабанар ("кудай" деп) атап алган ысымдар жөнүндө мени менен талашып жатасынарбы?!"(Аьраф: 71)Юсуф (ага Аллахтын саламы болсун) жөнүндө айтты:"Бир нече бытыранды кудайлар жакшыбы, же, жалгыз каар кудуреттүү Аллахбы?Аллахтан башка силер сыйынып жаткан нерселер, силер жана ата-бабанар ат коюп алган ысымдардан бөлөк эч нерсе эмес..."(Юсуф: 39-40)Мына ошондуктан бардык пайгамбарлар өз коомдоруна«Жалгыз Аллахка сыйынгыла. Силер үчүн Андан башка сыйынылуучу жок»-деп чакырышкан(Аьраф: 59)Мушриктер бул чакырууга ынабай, Аллахтан башка макулуктарды өздөрүнө сыйына турган кылып алып, ошолорго сыйынышты жана алардан жардам сурашты.Бийик Аллах алардын бул жоругун эки далил менен жокко чыгарды.Биринчи:«Мушриктер сыйынган нерселерде чыныгы Кудайдын эч кандай белгиси жок эле. Анткени, аларды адамдардын өздөрү жасашат болчу. Анан кантип жаратуучу болсун! Алар өздөрүнө жалбарган адамдарга пайда да зыян да берүүдөн алсыз, аларды өлтүрө да, тирилте да албайт жана жер –асмандагы эч бир нерсеге эгедер кожоюн да эмес, кожоюндукта шерик да эмес эле.Бийик Аллах айтты:«Алар Аллахтан башка эч нерсени жарата албаган, өздөрү (адамдар тарабынан) жаратылган, өздөрүнө да пайда, же зыян жеткире албай турган, өмүр берүүгө да, өлүм берүүгө да кудурети жок, кайра тирилте да албай турган нерселерди сыйынылуучу Кудай кылып алышты".(Фуркан: 3)Бийик Аллах айтты:«Айткын: «Аллахтан башка өзүңөр кудай деп ойлоп, сыйынган нерселериңерге дуба кылгылачы кана». Алар жерде жана асмандарда кыпынчалык нерсеге да эгедер эмес. Жер менен асмандарда алардын (Аллахка) шериктиги жок. Аллахтын алардан жардамчысы да жок»"Анын (Аллахтын) алдында шапаат пайда бербейт. Аллах уруксат берген адамдарга гана (пайда берет)"(Саба :22-23)Бийик Аллах айтты:«(Мушриктер) эч нерсени жарата албай турган жана өздөрү жарала турган,Аларга жардам берүүгө да кудурети жетпеген, жадагалса өздөрүнө өздөрү жардам бере албай турган нерселерди (Аллахка) шерик кылып алышат бекен?!»(Аьраф: 191-192)
Мушриктердин буттары, сыйынган нерселери ушундай ахыбалда болгон соң, демек аларды кудай кылып алуу жеткен акылсыздык эң болбогур жорук экен.
Экинчи:"Мушриктер Бийик Аллахтын жалгыз жаратуучу Рабби экенине жана бүт ааламдардын эгедерлиги анын гана колунда экенине ишенишет болчу. Мына ушул ишеним аларды жалгыз Аллахка сыйынууларына өбөлгө түзүшү керек болчу. Бирок андай болбоду. Алар Алахтын Жалгыз Рабби экенин моюндарына алып туруп, Жалгыз сыйынылуучу экенине ынабай коюшту. Билип туруп ынабай коюшту! "Бийик Аллах айтты:«Эй адамдар! Силерди жана силердин илгеркилерди жараткан Жаратуучу Кожоюнуңарга сыйынгыла! (Ошондо) такыбалуу болоорсуңар.Ал силер үчүн жерди төшөк, асманды үй кылып берип, асмандан сууну түшүрүп, аны менен (түрлүү) мөмөлөрдү силерге ырыскы кылып чыгарды. Анда силер ошондой болгонун билип туруп, Аллахка (башка нерселерди) теңебегиле!»(Бакара: 21-22).Бийик Аллах айтты:"Эгер алардан "Силерди ким жараткан" деп сурасаң, Алар: "Аллах" деп жооп беришет. Дагы кайда бара жатышат?"(Зухруф: 87)Бийик Аллах айтты:«Айткын»:Силерди асман жана жерден ырыскыландырган же болбосо угуу, көрүү (мүчөлөрүнө) кожоюн болгон ким? Жана өлүктөн тирикти, тириктен өлүктү чыгарган ким? Жана Ааламдагы иштерди башкарган ким?» Алар дароо «Аллах» деп жооп беришет. Анан сен айткын «(ошол Аллахтан) коркпойсуңарбы?!»Ушул Аллах силердин чыныгы Раббиңер. Чындыктан кийин адашуучулуктан башка эч нерсе келбейт. Кайда бурулуп жатасынар?!"(Юнус: 31-32)
Төртүнчүдөн: Бийик Аллахтын ысым-сыпаттарына ыйман келтирүү
Мунун мааниси: Бийик Аллахтын Өзү Курани Каримде жана элчисинин өз сүннөтүндө айткан Аллахтын ысым-сыпаттарын, эч өзгөрттүрбөстөн, башка нерселердин ысым сыпаттарына окшошпостон жана «кандай-кандай»-деп сурай бербестен, Аллахтын Өзүнө гана ылайык болгон ахыбалда далилдер менен билип ыйман келтирүү. Бийик Аллах айтты:«Бийик Аллахтын сонун –сулуу ысымдары бар» .Ага ошол ысымдар менен дуба кылгыла жана Аллахтын ысымдарын бурмалаган адамдарды таштагыла. Алар тез арада кылган иштерине жараша жазаланышат»(Аьраф: 180)Бийик Аллах айтты:"Асмандардагы жана жердеги эң жогорку сыпаттоолор Өзүнө гана таандык. Ал Күч-Кубаттуу, Даанышман"(Рум: 27)Бийик Аллах айтты:«Ага эч нерсе окшобойт. Ал Угуучу жана Көрүүчү»(Шуура :11)
Ыймандын бул маселесинде эки тайпа адамдар адашып кетишкен.
Биринчи тайпа: Муьаттилалар «Аллахка ысым-сыпаттарды дайын кылуунун кереги жок. Эгер Аллахка (көрүү, угуу, кол, жүз сыяктуу) ысым-сыпаттар дайын (исбат) кылынса, анда Аллахты башка макулуктарга окшотуу болуп калат» дешет. Бул ой бир канча тараптан туура эмес.
Биринчиден: Аллах Куранда Өзүнүн ысым-сыпаттарын кабар берип, жана да Өзүнө окшош эч нерсе жоктугун айткан. Бул ысым-сыпаттарында эч кимге окшобостугун кабар берет. Ал эми Аллахтын ысым-сыпаттарын кандай келсе, ошондой кабыл алуу макулуктарга (жаратылган тирүү заттарга) окшотуп коёбуз деген сөздөрдүн туура эместиги жана Аллахтын айткандарына каршы келгендиги бул жерде көрүнүп турат.
Экинчи:Эки нерсенин ысымы же сыпатынын (сөздүктө) окшош келиши ал эки нерсенин өздөрүнүн окшош экенин билдирбейт. Маселен, эки адамга карасаңыз, экөө тең угат, көрөт, сүйлөйт. Бирок мунун мааниси алардын угуусу, көрүүсү, сүйлөөсү жана адамкерчилиги бир кыл дегенди түшүндүрбөйт. Андан сырткары, маселен, бардык айбанаттардын колу, буту, көзү ж.б. бар. Бирок, бул алардын кол, бут, көздөрү оп-окшош дегени эмес.
Мына, макулуктарда ушунча айырма болгон соң, жаратуучу менен макулуктар арасында андан бийик, жогору айырма болушу анык.
Экинчи адашкан тайпа Мушаббихалар (окшотуучулар) Аллахтын ысым-сыпаттарын макулуктардын ысым-сыпаттарына окшотушту. Жана айтышты «Аллах пенделерим түшүнүшсүн деп, Куранда Өзүнүн ысым-сыпаттарын пенделеринин ысым-сыпаттарына оп-окшош кылып атады. Демек, (Куран айткан соң) Аллахтын ысым-сыпаттары пенденин ысым-сыпаттарына окшош болот» -дешти. Бул дагы өтө орой каталык.
Биринчи: Аллах Тааланын Өзү жараткан макулугуна окшош болушу акылга жа шариятка да туура келбеген ката пикир. Куран менен Сүннөт мындай ката пикирди айтпайт.
Экинчи:Эгер Аллах Куранда Өзүнүн кээ бир ысым-сыпатын пенделердикине окшош сөздөр менен атаган болсо, бул сөздөгү гана окшоштук. Ал эми, негизги, түпкү маанисинде тап-такыр окшоштук жок, анын чыныгы абалы кандай экени кайып илиминде эч кимге кабар берилген эмес.
Маселен, Аллах Куранда Өзүнө «Самиь» (угуучу) деген ысым-сыпатты дайын (исбат) кылган болсо, бул Аллахтын угуусу пенденин угуусуна оп-окшош болот дегени эмес. Бийик Аллах кандай угат, мунун абалы бизге белгисиз. Угуу сезими макулуктарда деле өз ара айырмаланат (окшош болбойт). Ал эми Жаратуучу менен макулуктардын арасындагы айырма салыштыргыс болушу анык эмеспи!
Эгер Аллах (Куранда) Өзүнүн Аршка көтөрүлүүсү тууралуу баян кылган болсо, бул жерде «көтөрүлүү» сөзүнүн мааниси түшүнүктүү, бирок, кандай көтөрүлгөнү (түпкү мааниси) маалым эмес. Көтөрүлүүнүн кандайлыгы (айырмасы) макулуктардын арасында деле окшош эмес. Маселен, кыймылсыз турган үстөлгө көтөрүлүү менен ойноктогон чарс төөнүн үстүндөгү эгерге көтөрүлүүнү эч салыштырып (окшотуп) болбойт. Демек, Аллахтын көтөрүлүүсү менен макулуктун көтөрүлүүсүн салыштырып болбостугу маалым болду.
Жогоруда баяндагандай Бийик Аллахка ыйман келтирүүнүн чоң пайдалары бар:
Биринчи: Жалгыз Аллахка сыйынууну (тавхидти) жакшы жана толук орундатып, киши Аллахтан башкага сыйынбайт.
Экинчи:Бийик Аллахты ысым-сыпаттары менен туура тааныган адамдын Аллахка болгон сүйүүсү жана урматтоосу көбөйөт.Үчүнчү:Аллахты жакшы тааныган адам, анын буйруктарын аткарып, кайтарган нерселеринен кайтып таза-толук, кемчиликсиз ибадат кылат.
Периштелер кайып (көрүнбөгөн) ааламы болуп, Аллахка ибадат кылуучу макулуктар. Аларда Аллахка гана тийиштүү болгон жаратуу, ырыскы берүү, ааламга кожоюндук кылуу, сыйынылууга татыктуу болуу сыпаттары жок. Бийик Аллах периштелерди нурдан жаратып, Өзү буюрган иштерди аткаруу үчүн аларга күч-кудурет берген. Бийик Аллах айтты:«Аллахтын алдындагы периштелер, Аллахка ибадат кылууданн баш тартпайт жана да чарчашпайт.Алар түнү-күнү тынбай тасбех айтышат»(Анбия: 19-20)
Периштелердин саны аябай көп. Санагын жалгыз Бийик Аллах гана билет. Имам Бухарий жана Имам Муслимдин «Сахих» китептеринде, Анас Ибн Мааликтен риваят кылынган бир хадисте, Аллахтын элчиси асманга көтөрүлгөн кечеде, ага «Байтул Маъмур» көрсөтүлгөн, ал жерде ар күнү жетимиш миң периште намаз окуйт жана ал периштелер ал жерден чыкканда, кайра кайтып кирүүгө кезек жетпейт.
Периштелерге ыйман келтирүү төрт маселени өз ичине алат.
Биринчи:Периштелердин бар экенине ишенүүЭкинчи:Бизге (Куранда) ысымы аталган периштелерге атайын ысымын атап, мис: Жебирейил, ал эми ысымы аталбаган периштелерге жалпысынан ыйман келтирүү.Үчүнчү:Периштелердин бизге билдирилген сыпаттарына ыйман келтирүү. Маселен, Жебирейил периштенин кээ бир сыпаттарын бизге Куран жана пайгамбарыбыздын хадистери билдирген. Пайгамбарыбыз Жебирейил периштени жаралган турпатында, алты жүз канаты менен мейкиндикти тосуп турганын көргөн болчу.
Кээ бир учурда периштелер Аллахтын буйругу менен адам сүрөтүндө көрүнөт. Ошондуктан Аллах Таала Жебирейил периштеге «Марямга бар» деп буйрук кылганда, Марямга кадыресе адам сүрөтүндө көрүнгөн. Дагы бир окуя: биздин Пайгамбарыбыз сахабалары менен олтурганда капкара чачтуу, аппапак кийимдүү көрүнүшүндө мусапыр кебетеси жок, бейтааныш бир киши келип, тизесин тизесине тийгизип, эки колун эки санынын үстүнө коюп, отурду да, ыйман эхсан жана кыямат жөнүндө сурады. Аллахтын элчиси жооп берген соң кетти. Анда пайгамбарыбыз сахабаларына: «Бул Жебирейил периште эле, силерге диниңерди үйрөтүү үчүн келиптир» -деди.
Ошондой эле, Бийик Аллах Ибрахим менен Лут пайгамбарларга да адам сүрөтүндөгү периштени жиберген.
Төртүнчү: Аллахтын буйругу менен периштелердин аткарган иштерине ыйман келтирүү. Ал иштерден кээ бирлерин бизге билдирген. Маселен, периштелер күнү-түнү эч бир чарчап талыкпай Аллахтын кызматында (ибадатта) болушат.
Кээ бир периштелердин өзүнө гана тиешелүү милдеттери бар.
Маселен, Жебирейил алейхи салам Аллах менен пайгамбарлар арасында элчилик милдетин аткарып, пайгамбарларга кабар алып келген.
Мекаил периштеси жамгыр менен өсүмдүктөргө өкүм кылат.
Исрафил периштесине болсо, Кыямат болордун астынан жана кайра тирилүүнүн астынан «Сур» деген кернейди тартуу милдети жүктөлгөн.
«Малакул-мавт» деп аталган өлүм периштеси болсо, өлүм убактысында жандарды алуу кызматын аткарат.
Маалик деген периште тозокту көзөмөлдөйт
Дагы, энелердин курсагындагы түйүлдүккө өкүм кылынган периштелер бар.Түйүлдүк төрт айлык болгон кезинде, Аллахтын буйругу менен бир периште келип, баланын ырыскысы, ажалы, амал-иштери, бактылуу же бактысыз болушун жазат.
Дагы адамдардын жасаган иштерин жазып, сактоого өкүл кылынган периштелер бар. Ар бир адам үчүн эки периште дайындалган, бири оң, экинчиси сол тарабында болот.
Дагы адам өлүп мүрзөгө коюлганда, өлүктү суракка тутуучу периштелер бар. Көмүлгөн адамга эки периште келип, анын дини, Раббиси, пайгамбары жөнүндө сурашат.
Периштелерге ыйман келтирүүнүн чоң пайдалары бар. Алардан:
Биринчиси:Бийик Аллахтын Улуулугун, кудурет –султандыгын билүү. Анткени, жаратылган заттын кудуреттүүлүгү жаратуучунун кудуреттүүлүгүн билгизет.Экинчи:Адамдарга кылган камкордугу үчүн Аллахка шүгүр кылуу. Анткени, Аллах инсандарга, аларды коргой турган, амал –иштерин жаза турган жана мындан башка пайдалары үчүн периштелерди дайындаган.Үчүнчү:Бийик Аллахка (токтоосуз) ибадат кылгандыгы үчүн периштелерди жакшы көрүү.
Кээ бир пикири кыска кишилер периштелердин тело экенин жокко чыгарып: «периштелер – жаныбарлардын ичинде жашынган жакшылык күчү» -дешет. Бул пикир Курани Карим менен пайгамбарыбыздын хадистерине каршы келет.
Бийик Аллах айтты:«Асмандар жана жерди жаратуучу, Периштелерди эки, үч, төрт, канаттуу кылып жаратуучу Аллахка мактоолор болсун!»(Фатир: 1)Бийик Аллах айтты:«Эгер сен, каапырлардын жанын алып жаткан периштелердин, алардын беттерине, жамбаштарына чапкылап жатканын көрсөң эле…»(Анфал: 50)Бийик Аллах айтты:"Сен ошол заалымдардын өлүм далбасасында жаткан мезгилдегисин жана периштелер аларга колун созуп (кыйнап, сабап) айтат: "Жаныңарды чыгаргыла...!" (Аньаам: 93)Качан гана алардын (периштелердин) жүрөктөрүнөн коркунуч кетип, (өздөрүнө келгенде) "Раббиңер эмне деди?" дешет. Акыйкатты (айтты) дешет алар. Ал - Эң Жогорку, Улук"(Саба: 23)Бейишке кирүүчүлөр жөнүндө:«Периштелер алардын алдына бардык эшиктерден кирип«(Аллахтын буйруктарын аткарууда) сабырдуу болгонуңардын беделине силерге салам болсун! Акыбети кандай жакшы орун!»-деп айтышат».(Раьад: 23-24)Имам Бухарий «Сахих» китебинде Абу Хурайра риваят кылган хадисти төмөндөгүчө келтирет:«Ал айтты: Аллахтын элчиси айтты: «Эгер Аллах бир пендесин жакшы көрүп калса, Жебирейилге: «Аллах баланча пендени жакшы көрдү сен дагы жакшы көргүнүң» -деп айтат. Анан Жебирейил ал пендени жакшы көрүп, асман жашоочуларына карап: «Аллах баланча пендесин жакшы көрдү, силер дагы аны жакшы көргүлө» -деп кайрылат. Аны асман жашоочулары да жакшы көрөт. Андан кийин ал кишинин жердегилер да жакшы көрүп калышат».Ошол эле китепте дагы Абу Хурайрадан төмөндөгүчө риваят кылынат: «Ал айтты: «Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) айтты:«Жума күнүндө периштелер мечиттин бардык эшиктеринде туруп алып, намазга келгендерди жазып, каттап турушат. Имам (минбарга) отурган соң алар барактарды жаап, хутбаны угуу үчүн келишет».
Мына ушул кабарлар кээ бир адашкан адамдар айткандай периштелер моралдык (рухий гана) күч эмес. Телосу болгон реалдуу макулуктар экенин анык көргөзөт. Бул маселеге бардык мусулман аалымдары ушул кабарлардын негизинде бир ооздон макул болушкан.
Китептер – жазылган таалимдер жыйнагы
Бул жерде «китептер» деген сөздөн, Бийик Аллах Өз пайгамбарлары аркылуу, эки дүйнөдө бактылуу өмүр сүрүүлөрү үчүн, пенделерине ырайым жана туура жол кылып жиберген китептери жөнүндө түшүнүк алынат.
Китептерге ыйман келтирүү төрт нерсени өз ичине алат
Биринчи:Китептерге Бийик Аллах тарабынан жиберилген чындык деп караш.Экинчи:Аты белгилүү болгон китептерге өз алдынча, ал эми аты бегилүү болбогон китептерге жалпысынан ыйман келтирүү. Аты белгилүү болгон китептер төмөндөгүлөр: Мухаммадга (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) жиберилген Курани Карим Ыйса алейхи саламга жиберилген Инжил, Муса алейхи саламга жиберилген Тоорат, Дауд алейхи саламга жиберилген ЗабурҮчүнчү:Китептердеги туура бурмаланбай, өзгөрүлбөй келген кабарларга ишенүүТөртүнчү:Бекер кылынбаган китеп өкүмдөрүнө амал кылуу. Ал өкүмдөрдүн сырын түшүнбөсөк да, билбесек да ыраазы болуп, моюн сунуу. Абалкы китептердин бардыгы Куран өкүмдөрү келген соң, бекер болгон. Аллах Таала айтты:«Биз сага, өзүнөн абалкы Китептерди тастыктаган жана аларга өкүмдарлык кылган Куранды акыйкат менен түшүрдүк»(Маида :48)Башкача айтканда, "өткөн китептердин үстүнөн өкүмдарлык кылуучу"
Мына ушул аяттын өкүмү менен абалкы китептердин бардык өкүмдөрүнө амал кылуу токтотулган. Бир гана Куран өкүмдөрүнө дал келгендери гана чындык деп эсептелинет.
Китептерге ыйман келтирүү төмөндөгүчө пайдаларды берет:
Биринчиси:Бийик Аллахтын Өз пенделерине камкордугу билинет. Анткени, Аллах бардык элдерге туура жолду көргөзгөн китептерин жиберди.Экинчи:Аллахтын өкүмдөрүндөгү (шариятындагы) сырлары билинет. Анткени, Бийик Аллах ар бир элдин өз ахыбал-шарттарына жараша шариаттарды жиберген. Бийик Алла айтты:«Силердин ар бириңер үчүн (өзүңөргө жараша) шарият жана жол кылып койдук».(Маида :48)Үчүнчү:Китептерге ыйман келтирген адам, Аллахтын пенделерине жиберген китептери жана ал китептердин ичиндеги шарияттар адамдарга чоң нээмат экенин билет жана Аллахка шүгүр кылат.
Пайгамбар арапчада «расул». Расулдун мааниси «жиберилген элчи» дегенди билдирет.
Мындан максат: Расул деген бул - ага шарият жиберилип жана аны жеткирүүгө буйрулган инсан.
Расулдардын эң биринчиси Нух, эң акыркысы Мухаммад (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы)
Бийик Аллах айтты:«Эй Мухаммад, биз Нух жана андан кийинки пайгамбарларга аян, кабар кылганыбыз сыяктуу сага да аян, кабар кылдык»(Ниса: 163)Имам Бухарийдин «Сахих» китебинде Анас Ибн Мааликтен риваят кылынган шапаат жөнүндөгү хадисте Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) мындай деген:«Адамдар шапаат (коргоочулук) кылышын суранып Адам (ата) алейхи саламга келишет. Ал адамдарга бир себеп айтып: «Силер Аллах эң биринчи элчи кылып жиберген Нухка баргыла» -дейт.Бийик Аллах Куранда Мухаммад (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) жөнүндө айткан:«Мухаммад, араңардагы эч бир эр кишинин атасы эмес, балким ал Аллахтын элчиси жана пайгамбарлардын акыркысыдыр»(Ахзаб: 40)Бийик Аллах ар бир элге атайын, өз алдынча шарият же болбосо. Абалкы пайгамбар алып келген шариятты толуктаган шарият менен Пайгамбар жиберип турган. Бийик Таала айтты:«Биз ар бир элге: «Аллахка гана ибадат кылып (шарияттын) чегинен чыгуудан алыс болгула» (деп элди чакыра турган) пайгамбарды жибердик».(Нахл: 36)Бийик Аллах айтты:«Бардык элдердин арасында эскертүүчү пайгамбар өткөн».(Фатир: 36)Бийик Аллах айтты:«Биз Тоораттын ичинде туура жолго баштоочу жана нур болгон ахыбалында түшүрдүк. (Аллахка) моюн сунган пайгамбарлар аны менен яхудийлерге өкүм кылышат»(Маида :44)Пайгамбарлар да инсан болушат. Аларда Бийик Таалага тийиштүү болгон жаратуу, бүткүл ааламды башкаруу, ырыскы берүү, сыйынылуучу зат болуу сыпаттары жок. Анткени, Бийик Аллах Өзүнүн алдында эң урматтуу жана бардык пайгамбарлардын улугу болгон Мухаммад (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) жөнүндө мындай деген:«(Эй Мухаммад) айткын: «Мен өзүмө пайда да, зыян да жеткире албаймын, болгону Аллах каалаган нерсеге гана эгемин. Эгер кайыпты билчү болсом, өзүм тилеген жакшылыктарды көбөйтүп жибермекмин жана мага жамандык жетмек эмес. Мен болгону ыйман келтире турган элдер үчүн тозоктон коркутуучу жана бейишти сүйүнчүлөөчүмүн.(Аьраф: 188)«(Эй Мухаммад) айткын: «Мен силерге зыян да, туура жол да бере албайм.(Эгер мен күнөө кыла турган болсом) Мени эч ким Аллахтын (азабынан) куткара албайт жана мен Аллахтан башка коргонуу таба албаймын». (Жин: 21-22)Пайгамбарлар башка инсандар сыяктуу эле, жеп-ичет, бир нерсеге муктаж болот жана өлөт. Төмөнкү аятта Ибрахим алейхис салам өз Раббисин кандай сыпаттаганын Бийик Аллах мындай баяндаган:«Ал (Аллах) мени жедирет, ичирет,Оорусам шыпаа беретЖана мени өлтүрүп анан кайра тирилтет»(Шуара : 79-81)Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) айтты:«Мен деле сиздер сыяктуу инсанмын жана сиздер сыяктуу эле унутчаакмын. Эгер бир нерсени унутуп койсом, эскертип тургула».Бийик Аллах пайгамбарларды «ибадатты толук аткарышат» деп сыпаттаган. Нух пайгамбар тууралуу Бийик Аллах минтип айтат:«Ал (Нух) Аллахка шүгүр кылуучу пенде болчу»(Исра : 3)Мухаммад (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) жөнүндө айтты:«Пендесине (Мухаммадка) бардык ааламдарга эскертүүчү болуш үчүн Куранды түшүргөн Зат бийик, улуу болду»(Фуркан:1)Ибрахим, Исхак, Якуб (аларга Аллахтын саламы болсун) жөнүндө айтты:«Биздин пенделерибиз ибадатта күчтүү жана аң-сезимдүү болгон Ибрахим, Исхак жана Якубту эстегин!»Биз аларды (өзгөчө) касиет - Акыретти эстөөчү кылдык.Чынында, алар Биздин алдыбызда тандап алынган жакшы адамдардан"(Сод: 45-47)Ыйса пайгамбар жөнүндө айтты:«Ал (Ыйса) бир пенде болуп, биз ага нээматтарды бердик жана аны Израил урпагына үлгү кылдык»(Зухруф:59)
Пайгамбарларга ыйман келтирүү төрт нерсени өз ичине алат
Биринчи:Алардын пайгамбарчылыгы Бийик Аллах тарабынан келген чындык экенине ыйман келтирүү. Алардын арасын ажыратпоо. Ким алардын бирөөсүнө гана ыйман келтирбесе, бардыгына ыйман келтирбеген (каапыр болгон) болот. Бийик Аллах айтты:«Нухтун коому (бардык) пайгамбарларды жалганчы деди»(Шуара: 105)
Бул аятта Бийик Аллах бир гана Нух пайгамбарга ишенбеген коомду, ал учурда андан башка пайгамбар болбогондугуна карабастан аларды бардык пайгамбарларга ишенбегенге теңеди. Ушул негизге таянып айтса болот: Мухаммаддын (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) пайгамбарчылыгын жалган деген христиандар Ыйсанын пайгамбарчылыгын да жалган деген жана ага ээрчибеген болушат. Анткени, Ыйса алейхи салам Мухаммаддын (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) пайгамбарлыгы жөнүндө алдын ала кабар берген болчу. Кабар берүүнүн мааниси: Мухаммад пайгамбар мурдагы жана келерки бардык кооомдорду адашуудан чыгарып, туура жолго баштоо үчүн Бийик Аллах жибергендигин түшүндүрөт.
Экинчи: Ысымдары маалым болгон пайгамбарларга, ысымдары (жана даражалары) менен ыйман келтирүү. Маселен, пайгамбарлардан бешөө: Нух, Муса, Ибрахим, Ыйса жана Мухаммад (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) «улул-азм» (бекемдик ээлери болгон пайгамбарлар) деп аталат. Бийик Аллах айтты:«Биз пайгамбарлардан: «Сенден, Нухтан, Ибрахим, Муса жана Ыйса бин Марямдардан убадаларын алдык»(Ахзаб: 7) жана айтты:"Ал силерге Нухка осуят кылган динди шарият кылып берди. Биз сага вахий кылган (жиберген) динди Ибрахимге, Мусага жана Исага: "Динди толук тургузгула жана андан бөлүнүп кетпегиле", - деп вахий кылганбыз (жибергенбиз)"(Шувра :13)Ал эми, ысымы маалым болбогон пайгамбарларга жалпысынан ыйман келтиребиз. Бийик Аллах Мухаммадка (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) кайрылып айтты:«Биз сенден илгери да пайгамбарларды жибердик. Алардын кээ бирлеринин кабарын берсек, кээ бирлеринин кабарын бербедик»(Гаафыр: 78)
Үчүнчү: Пайгамбарлардан риваят кылынган, ишеничтүү жол менен келген кабарларды тастыктоо.
Төртүнчү: Эң акыркы пайгамбар Мухаммад (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) алып келген ислам шарияты менен амал кылуу. Бийик Аллах айтты:«Жок, Раббиңе ант, (Эй Мухаммад) Алар өз араларындагы жаңжал-тартышууларына сени өкүмдар кылмайынча жана сенин өкүмүңө, жүрөгүңдө нааразычылык калбай, толук моюн сунмайынча (толук) ыймандуу боло алышпайт»(Ниса: 65)
Пайгамбарларга ыйман келтирүүнүн чоң пайдалары бар, мисалы:
Биринчи:Бийик Аллахтын Өз пенделерине болгон ырайымын, камкордугун билебиз. Анткени, Бийик Аллахка ибадат кылуунун жана жашоонун эрежелерин үйрөтүү үчүн адамдарга мугалим катары пайгамбарларды жиберди. Ансыз акылдын өзү бул нерселерди биле албайт болчу.Экинчи:Бийик Аллахтын ушул чоң нээматына шүгүрчүлүк келтирүү.Үчүнчү:Пайгамбарларды сүйүү жана аларды ылайык болгон даражада урматтоо жана мактоо. Себеби, алар Аллахка ибадат кылышты, Анын динин элдерге жеткирип, насаат айтышты.«Пайгамбарлар инсан насилинен эмес» деп күмөн кылган өжөр адамдар, өз пайгамбарын жалганчыга чыгарган болушат. Бийик Аллах Курани Каримде пайгамбарлардын тилинен мындай деген:"Аларга туура жол келгенде, адамдардын ыйман келтирүүсүнө "Аллах адамды пайгамбар кылып жиберет бекен?!" деген сөздөрү гана тоскоол болду"Айткын: "Эгер жер бетинде периштелер жайбаракат басып жүрүшкөндө (жашашканда), Биз аларга асмандан периштелерди пайгамбар кылып жибермекпиз".Исра: 94-95Алардын элчи периште болушу керек деген ойлорун Аллах жокко чыгарды. Анткени элчи жиберилип жаткан коом жердегилер, тагыраагы, адамдар, аларга жиберилген элчи да адам болуусу керек. А эгер жерде периштелер жашаганда, анда аларга элчи кылып периште жиберилмек. Аллах элчилерди жалганчы деген коомдор тууралуу минтип баян кылды:(алар): "Силер (пайгамбар эмес,) биз сыяктуу эле адамсыңар. Бизди ата-бабабыз сыйынып келген нерседен тосууну каалап жатасыңар. Андай болсо, бизге ачык далил алып келгиле" (деп айтышканда):«…пайгамбарлар айтышты:» Биз деле силер сыяктуу инсанбыз. Бирок Аллах Өзү каалаган кишилерге жакшылыгын (пайгамбарлыгын) берет. Биз силерге далилдерди Аллахтын каалоосу менен гана келтире алабыз»(Ибрахим: 10-11)
Акырет – адамдардын ушул дүйнөдөгү жашоосунан эсеп берүүлөрү жана жаза (азап же ырахат) алуулары үчүн кайра тириле турган кыямат күндүн аталышы.
Акырет (акыркы күн) деп аталып калуусунун себеби, ал кун - бул дүйнө күндөрүнүн акыркысы болгондуктан. Ал күнү Бейиш эли Бейиштен, Тозокко ылайык болгондор Тозоктон орун алышат.
Акыретке ыйман үч маселени өз ичине алат:
Биринчи:Кайра тирилүүгө ишенүү. Кайра тирилүү. Исраил периштеси «Сур» деп аталган кернейди экинчи жолу тартканда болот. Кайра тирилген адамдар мүрзөдөн чыкканда жылаңач, жылаңайлак жана энеден төрөлгөндөй (сүннөткө отургузулбаган) абалда Аллахтын алдында турушат. Бийик Аллах айтты:«Абалкы жаратканыбыздай жаратабыз. Бизде убада бергендей албетте (ушундай) кылуучубуз»(Анбия: 104)
Кайра тирилүү Куран, Сүннөт жана жалпы мусулмандардын каршылыксыз макулдугу менен далилденген чындык.
Бийик Аллах айтты:«Кийин силер, ошондон соң өлөсүңөр"Андан соң кыямат күнүндө кайра тирилттирилерсиңер»(Муьминун: 15-16)Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) айтты:«Адамдар кыямат күнүндө жылаңайлак, энеден төрөлгөндөй (сүннөткө отургузулбаган) абалда чогулушат.Мусулмандар кайра тирилүүнүн чындык экенине бир пикирде болушкан. Кайра тирилүү Аллахтын даанышмандыгынын талабы: Бийик Аллах өзүнүн жараткан инсандарына пайгамбарларды жиберип, аларды кээ бир ибадаттарга буюрган болчу. Эми ошол ибадаттарды кандай деңгээлде аткарганына жооп берүү үчүн, аткаргандарына соо-сыйлык, аткарбагандарына жазаларын алуусу үчүн Аллахтын алдына кайтуулары зарыл. Бийик Аллах айтты:«Силер, Биз (Аллах) силерди бекерге (максатсыз) эле жараткан жана Бизге кайтарылып келбейбиз деп ойлойсуңарбы?»(Муьминун: 115)Аллах пайгамбарына (Ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) айтты:«Сага Куранды парыз кылган Зат, сөзсүз түрдө сени кыяматка кайтаруучу»(Касас:85)
Экинчи: Эсеп жана жазага ишенүү. Пенде өзү жасаган бардык иштери үчүн эсеп берип, сыйлыгын же жазасын алат. Буга Курандан, Сүннөттөн жана Ижмаадан (мусулмандардын каршылыксыз макулдугунан) далилдер бар.
Бийик Аллах айтты:«Шексиз, алардын кайтышы - Бизге"Кийин алардан эсеп-китеп алуу (дагы) биздин ишибиз»(Гашия: 25-26)Бийик Аллах айтты:«Жакшылык алып келген кишиге он эсе көбөйүүсү бар. Жамандык алып келген кишиге (ошол жамандык көлөмүнчө жаза берилет жана алар (эч бир абалда) зулум көрүшпөйт»(Аньам: 160)Бийик Аллах айтты:«Кыямат күн үчүн адилет таразаларды коёобуз, эч бир жанга зулум кылынбайт. Эгер (амал-жасалган иш) кычы данынын уругунча болсо да, Биз (аны таразага) алып келебиз. Биз жетишерлик эсеп-китеп кылабыз»(Анбия: 47)Ибн Умар, Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) минтип айтканын жеткирет:«Кыямат күндө Бийик Аллах ыймандуу кишини Өзүнө жакындаштырып: «паландай, түкүндөй күнөөлөрүңдү билесиңби?»-деп сурайт. Пенде: «Ооба эй Раббим»-деп жооп берет. (Ошентип) Аллах аны бардык күнөөлөрүн мойнуна алдыртып, пенде «эми өлдүм» деп калганда Аллах:«Эй пендем, Мен сенин (бул) күнөөлөрүңдү дүйнөдө жашырган болчумун. Бүгүн сен үчүн аларды кечиремин»-дейт дагы, пендеге жакшылык баракчасы (оң жагынан) берилет. Ал эми, каапыр жана мунафыктарды (эки жүздүүлөрдү) бардык калайыктын алдында ашкереленип: «Мына булар Раббилерине жалган сүйлөшкөн. Билип койгула, Залимдерге Аллахтын наалаты болот!» деп айтылат»Пайгамбардан (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) келген ишенимдүү хадисте айтылат:«Ким жакшылыкты максат кылып, аны жасаса, Аллах Өз алдында ага андан жети жүзгө чейин жана андан да бир нече барабар көбүрөөк сооп берет. Ким жамандыкты максат кылып, аны жасаса, Аллах ага бир гана жамандык жазат».Чынында, мусулмандар эсеп-кысаптын болоруна жана амалына жараша жазаланарына баары ишенишкен. Анткени, Аллах китептерди түшүрдү, элчилерди жиберди, пенделерге элчилердин алып келген динин кабыл кылууну, аткарууга буйрулгандарын аткарууну буйруду. Мындан баш тарткандарга эскертүүнү айтты. Эгер эсеп-кысап, жаза берүү болбосо, анда булардын баары жөндөн-жөн эле буйурулмак беле. Бул тууралуу Аллах минтип айткан:Биз албетте, пайгамбарлар жиберилген(эл)дерди да, пайгамбарларды(н өзүн) да суракка тартабыз.Кийин, албетте, аларга (жасаган иштерин) билип, айтып беребиз. Жана Биз аларга жашыруун эмеспиз. (Биз алардын жанында ар дайым болобуз)Аъраф: 6-7
«Кыямат күндө Бийик Аллах ыймандуу кишини Өзүнө жакындаштырып: «паландай, түкүндөй күнөөлөрүңдү билесиңби?»-деп сурайт. Пенде: «Ооба эй Раббим»-деп жооп берет. (Ошентип) Аллах аны бардык күнөөлөрүн мойнуна алдыртып, пенде «эми өлдүм» деп калганда Аллах:
«Эй пендем, Мен сенин (бул) күнөөлөрүңдү дүйнөдө жашырган болчумун. Бүгүн сен үчүн аларды кечиремин»-дейт дагы, пендеге жакшылык баракчасы (оң жагынан) берилет. Ал эми, каапыр жана мунафыктарды (эки жүздүүлөрдү) бардык калайыктын алдында ашкереленип: «Мына булар Раббилерине жалган сүйлөшкөн. Билип койгула, Залимдерге Аллахтын наалаты болот!» деп айтылат»
Пайгамбардан (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) келген ишенимдүү хадисте айтылат:
«Ким жакшылыкты максат кылып, аны жасаса, Аллах Өз алдында ага андан жети жүзгө чейин жана андан да бир нече барабар көбүрөөк сооп берет. Ким жамандыкты максат кылып, аны жасаса, Аллах ага бир гана жамандык жазат».
Чынында, мусулмандар эсеп-кысаптын болоруна жана амалына жараша жазаланарына баары ишенишкен. Анткени, Аллах китептерди түшүрдү, элчилерди жиберди, пенделерге элчилердин алып келген динин кабыл кылууну, аткарууга буйрулгандарын аткарууну буйруду. Мындан баш тарткандарга эскертүүнү айтты. Эгер эсеп-кысап, жаза берүү болбосо, анда булардын баары жөндөн-жөн эле буйурулмак беле. Бул тууралуу Аллах минтип айткан:
Биз албетте, пайгамбарлар жиберилген(эл)дерди да, пайгамбарларды(н өзүн) да суракка тартабыз.
Кийин, албетте, аларга (жасаган иштерин) билип, айтып беребиз. Жана Биз аларга жашыруун эмеспиз. (Биз алардын жанында ар дайым болобуз)
Аъраф: 6-7
Үчүнчү: Бейиш жана Тозокко ишенүү Бул экөө пенделердин келечектеги түбөлүктүү орду болуп эсептелет.
Бейиш, ыймандуулар үчүн Бийик Аллах даярдаган жыргалчылык жайы.Бейиш –Аллах «ыйман келтиргиле» деп буюрган нерселерге ыйман келтирген, Аллахка ыкылас жана пайгамбарына ээрчүү менен моюн сунган такыбаа момундарга Аллахтын даярдап, белектеп койгон жакшылыктардын мекени. Бейиште көз көрбөгөн, кулак укпаган жана инсандын кыялына да келбеген ар түркүн жакшылыктар бар.Бийик Аллах айтты:«Ыйман келтирип жакшы амалдарды кылган адамдар, ошолор гана жаратылгандардын эң жакшысы.Аларга Раббилеринин алдындагы сыйлыктары-астынан дарыялар агып турган жана анда түбөлүк калыша турган "Адн" бактары. Алардан Аллах, алар Аллахтан ыраазы болушту. Бул (сыйлыктар) Раббисинен корккон кишиге гана»(Байиина: 7-8)Бийик Аллах айтты:«Эч бир жан (ээси), өзү үчүн кылган амалдарына белек иретинде кандай көз сүйүнткөн нерселер жашыруун даярдалып коюлганын билбейт»(Сажда: 17)Ал эми, Тозок пайгамбарларга (алар алып келген динге) ыйман келтирбеген жана күнөөдөн кайтпаган адамдар үчүн Бийик Аллах даярдап койгон, инсандын оюна келбеген ар түрлүү азаптар бериле турган орундун аты. Бийик Аллах айтты:«Каапырлар үчүн даярдап коюлган тозоктон корккула»(Аалы Имран: 131)Бийик Аллах айтты:«Биз заалимдерге тозокту даярдап койдук. Анын алоолору аларды ороп алат. Эгер алар жардам сурашса, аларга жүздөрүн күйгүзүп койо турган (даражадагы кайнак) ириң сыяктуу суу (ну ичирүү) менен «жардам берилет». Бул не деген жаман суусундук жана жаман орун!»(Кахф: 29)Бийик Аллах айтты:"Бийик Аллах каапырларга каргыш айтты жана алар үчүн тозокту даярдап койду"."Алар ал жерде (тозокто) дос жана жардамчы таппай, түбөлүккө калышат ""Жүздөрү тозокто ары-бери оодарылып күйгүзүлгөндө алар: «Аттиң ай, Аллахка жана Анын элчисине моюн сунганыбызда кана эле!» - дешет»(Ахзаб: 65-66)
Бейиш –Аллах «ыйман келтиргиле» деп буюрган нерселерге ыйман келтирген, Аллахка ыкылас жана пайгамбарына ээрчүү менен моюн сунган такыбаа момундарга Аллахтын даярдап, белектеп койгон жакшылыктардын мекени. Бейиште көз көрбөгөн, кулак укпаган жана инсандын кыялына да келбеген ар түркүн жакшылыктар бар.
Бийик Аллах айтты:
«Ыйман келтирип жакшы амалдарды кылган адамдар, ошолор гана жаратылгандардын эң жакшысы.
Аларга Раббилеринин алдындагы сыйлыктары-астынан дарыялар агып турган жана анда түбөлүк калыша турган "Адн" бактары. Алардан Аллах, алар Аллахтан ыраазы болушту. Бул (сыйлыктар) Раббисинен корккон кишиге гана»
(Байиина: 7-8)
Бийик Аллах айтты:
«Эч бир жан (ээси), өзү үчүн кылган амалдарына белек иретинде кандай көз сүйүнткөн нерселер жашыруун даярдалып коюлганын билбейт»
(Сажда: 17)
Ал эми, Тозок пайгамбарларга (алар алып келген динге) ыйман келтирбеген жана күнөөдөн кайтпаган адамдар үчүн Бийик Аллах даярдап койгон, инсандын оюна келбеген ар түрлүү азаптар бериле турган орундун аты. Бийик Аллах айтты:
«Каапырлар үчүн даярдап коюлган тозоктон корккула»
(Аалы Имран: 131)
Бийик Аллах айтты:
«Биз заалимдерге тозокту даярдап койдук. Анын алоолору аларды ороп алат. Эгер алар жардам сурашса, аларга жүздөрүн күйгүзүп койо турган (даражадагы кайнак) ириң сыяктуу суу (ну ичирүү) менен «жардам берилет». Бул не деген жаман суусундук жана жаман орун!»
(Кахф: 29)
Бийик Аллах айтты:
"Бийик Аллах каапырларга каргыш айтты жана алар үчүн тозокту даярдап койду".
"Алар ал жерде (тозокто) дос жана жардамчы таппай, түбөлүккө калышат "
"Жүздөрү тозокто ары-бери оодарылып күйгүзүлгөндө алар: «Аттиң ай, Аллахка жана Анын элчисине моюн сунганыбызда кана эле!» - дешет»
(Ахзаб: 65-66)
Пайгамбарларга ыйман келтирүүнүн чоң пайдалары бар, мисалы:
Биринчи:Ал күндүн сообун үмүт кылып, ибадатты каалап ага умтулууЭкинчи:Ал күндүн азабынан коркуп, күнөөгө баргандан жана ага ыраазы болгондон коркууҮчүнчү:Бул дүйнөдө жете албаган жыргалчылыктардын ордуна акырет жыргалчылыктарын үмүт кылуу менен ыймандуу адамдын көңүлүн сооротуу.
Ал күндүн сообун үмүт кылып, ибадатты каалап ага умтулуу
Экинчи:
Ал күндүн азабынан коркуп, күнөөгө баргандан жана ага ыраазы болгондон коркуу
Үчүнчү:
Бул дүйнөдө жете албаган жыргалчылыктардын ордуна акырет жыргалчылыктарын үмүт кылуу менен ыймандуу адамдын көңүлүн сооротуу.
Каапырлар «мүмкүн эмес» деп, кайра тирилүүнү четке кагышты.
Бул күмөндүн негизсиз экенине шарият, сезимдер жана акыл-эс далилдерди келтирет.
Шарияттын далилдери: Бийик Аллах айтты:«Каапырлар»: «кайра тирилбейбиз»-деп күмөн кылышты. Сен (аларга) : «Андай эмес, Раббиме ант, силер кайра тирилттирилесиңер, кийин силерге кылган ишиңердин кабары берилет. Бул Аллах үчүн жеңил»-деп айткын»(Тагаабун: 7)
«Каапырлар»: «кайра тирилбейбиз»-деп күмөн кылышты. Сен (аларга) : «Андай эмес, Раббиме ант, силер кайра тирилттирилесиңер, кийин силерге кылган ишиңердин кабары берилет. Бул Аллах үчүн жеңил»-деп айткын»
(Тагаабун: 7)
Асмандан түшкөн китептердин бардыгы кайра тирилүүнүн чындык экенин бир добуштан айтышкан.
Сезимдердин далили: Бийик Аллах ушул эле дүйнөдө өлүктөрдү кайра тирилтүүсүн көргөзгөн. «Бакара» сүрөсүндө буга беш мисал бар.
Биринчи мисал:Мусага (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы болсун) коому айтышты:«Сен бизге Аллахты анык көргөзмөйүнчө сага ыйман келтирбейбиз»-дешкенде(Бакара: 55)Аллах алардын (өздөрүн) өлтүрдү жана кайра тирилтти. Бул окуя жөнүндө Аллах Исраил урпактарына кайрылып, мындай деди:«Силер: «Эй Муса, Аллахты анык көрбөсөк, сага ишенбейбиз»-деп айттыңар. Натыйжада, силер (ден бир тобуңар бири-бирин) карап турган абалда силерди чагылган урду,анан биз силерди, мүмкүн шүгүр кылаарсыңар деп кайра тирилттик»(Бакара: 55-56)Экинчи мисал:Исраил урпактары өз ара келише албай калышкандагы өлүк окуясы: Ошол өлүктү ким өлтүргөнүн биле албай талашып башташканда Бийик Аллах аларга бир уйду союп, анын бир бөлүк эти менен өлүктү урууга буюрат. Ошентишкенде өлүк тирилип, өзүн ким өлтүргөнүн айтып берет. Бул тууралуу Бийик Аллах айтты:"Бирөөнү өлтүрүп койуп, ал тууралуу өз ара талаш-тартышка түштүңөр, Аллах силер жашырганды ачыкка чыгарат"Анан Биз: “Уйдун бир бөлүк эти менен аны ургула, (ал тирилет)" дедик. Аллах өлүктөрдү мына ушинтип тирилтет жана силерге өз кереметин көргөзөт. Мүмкүн силер акыл жүргүзөөрсүңөр.(Бакара, 72-73)Үчүнчү мисал:Бийик Аллах, өз мекендериндеги өлүмдөн качкан миңдеген адамдарды өлтүрүп, кайра тирилткен окуя баяны. Бул жөнүндө Бийик Аллах айтты:«Мекендеринен өлүмдөн сактанып качып чыккан миңдеген кишилерди көрбөдүңбү? Аллах аларга «Өлгүлө!» -деп айтты. (Алар өлүштү). Андан соң Аллах аларды тирилтти...»(Бакара: 243)Төртүнчү мисал:Кыйраган айыл жанынан өтүп бара жатып, ушул өлүктөрдү Аллах кантип тирилтет деп ойлогон адам жөнүндө. Аллах аны өлтүрүп, жүз жылдан соң кайра тирилткен. Бул жөнүндө Бийик Аллах айтты:«же бир кишиге окшош, ал адам заты жашабаган, талкаланган бир айылдан өтүп: «Аллах мунун элин кантип тирилтет?»-деди. Кийин Аллах аны (н өзүн) жүз жылга өлтүрүп, анан кайра тирилтти да ага: «сен (өлүк абалда) канча турдуң?»-деп сурады. Ал «болгону бир күн же анын бир бөлүгүнчө турдум»-деди. Аллах айтты: «Жок, сен жүз жыл турдуң. Сен өзүңдүн тамак, суусундугуңа кара, алар бузулбаган. Эшегиңе да кара. Биз сени адамдарга (Өзүбүздүн кудуретибизден) белги-керемет кылуу үчүн (кайра тирилттик). Сөөктөргө кара-биз аларды кантип кураштырып, кантип ага эт каптайбыз» Ал (кайра тирилген киши) –бул иштер билинген соң-айтты:» Мен Аллахтын бардык нерсеге кудуреттүү экенин билем»(Бакара: 259)Бешинчи мисал:Ибрахимдин (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы болсун) окуясы. Ибрахим (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы болсун) Аллахтан өлүктөрдү кандай тирилтүүсү жөнүндө сурады. Аллах ага төрт кушту союп, алардын эттерин төрт тараптагы тоого таратып, анан аларды чакырууга буюрду. Ибрахим айтылган буйрукту аткарганда, ал төрт куштун бөлүктөрү бири-бирине куралып, кайра тирилип, анын астына ылдам келишти. Бул окуяны Бийик Аллах мындай баяндаган:«Ибрахим Аллахка: «Эй Раббим! Мага өлүктөрдү кантип тирилтүүңдү көргөз» -дегенде, Аллах: «Сен (өлүктөрдү кайра тирилтүүмө) ыйман келтирбедиңби?» -деди. Ибрахим: «Ооба (ыйман келтирдим), бирок жүрөгүм бейпил болуусу үчүн (суранып жатам) -деди. Аллах айтты: «Төрт кушту алып, өзүңө каратып (союп, бөлүп), Андан соң алардын (өлүк) бөлүктөрүн ар кайсы тоого коюп, анан чакыр. Алар астыңа ылдам келишет. Дагы билгин: Аллах Кубаттуу жана Даанышман болгон Зат».(Бакара: 260)
Мусага (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы болсун) коому айтышты:
«Сен бизге Аллахты анык көргөзмөйүнчө сага ыйман келтирбейбиз»-дешкенде
(Бакара: 55)
Аллах алардын (өздөрүн) өлтүрдү жана кайра тирилтти. Бул окуя жөнүндө Аллах Исраил урпактарына кайрылып, мындай деди:
«Силер: «Эй Муса, Аллахты анык көрбөсөк, сага ишенбейбиз»-деп айттыңар. Натыйжада, силер (ден бир тобуңар бири-бирин) карап турган абалда силерди чагылган урду,
анан биз силерди, мүмкүн шүгүр кылаарсыңар деп кайра тирилттик»
(Бакара: 55-56)
Экинчи мисал:
Исраил урпактары өз ара келише албай калышкандагы өлүк окуясы: Ошол өлүктү ким өлтүргөнүн биле албай талашып башташканда Бийик Аллах аларга бир уйду союп, анын бир бөлүк эти менен өлүктү урууга буюрат. Ошентишкенде өлүк тирилип, өзүн ким өлтүргөнүн айтып берет. Бул тууралуу Бийик Аллах айтты:
"Бирөөнү өлтүрүп койуп, ал тууралуу өз ара талаш-тартышка түштүңөр, Аллах силер жашырганды ачыкка чыгарат"
Анан Биз: “Уйдун бир бөлүк эти менен аны ургула, (ал тирилет)" дедик. Аллах өлүктөрдү мына ушинтип тирилтет жана силерге өз кереметин көргөзөт. Мүмкүн силер акыл жүргүзөөрсүңөр.
(Бакара, 72-73)
Үчүнчү мисал:
Бийик Аллах, өз мекендериндеги өлүмдөн качкан миңдеген адамдарды өлтүрүп, кайра тирилткен окуя баяны. Бул жөнүндө Бийик Аллах айтты:
«Мекендеринен өлүмдөн сактанып качып чыккан миңдеген кишилерди көрбөдүңбү? Аллах аларга «Өлгүлө!» -деп айтты. (Алар өлүштү). Андан соң Аллах аларды тирилтти...»
(Бакара: 243)
Төртүнчү мисал:
Кыйраган айыл жанынан өтүп бара жатып, ушул өлүктөрдү Аллах кантип тирилтет деп ойлогон адам жөнүндө. Аллах аны өлтүрүп, жүз жылдан соң кайра тирилткен. Бул жөнүндө Бийик Аллах айтты:
«же бир кишиге окшош, ал адам заты жашабаган, талкаланган бир айылдан өтүп: «Аллах мунун элин кантип тирилтет?»-деди. Кийин Аллах аны (н өзүн) жүз жылга өлтүрүп, анан кайра тирилтти да ага: «сен (өлүк абалда) канча турдуң?»-деп сурады. Ал «болгону бир күн же анын бир бөлүгүнчө турдум»-деди. Аллах айтты: «Жок, сен жүз жыл турдуң. Сен өзүңдүн тамак, суусундугуңа кара, алар бузулбаган. Эшегиңе да кара. Биз сени адамдарга (Өзүбүздүн кудуретибизден) белги-керемет кылуу үчүн (кайра тирилттик). Сөөктөргө кара-биз аларды кантип кураштырып, кантип ага эт каптайбыз» Ал (кайра тирилген киши) –бул иштер билинген соң-айтты:» Мен Аллахтын бардык нерсеге кудуреттүү экенин билем»
(Бакара: 259)
Бешинчи мисал:
Ибрахимдин (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы болсун) окуясы. Ибрахим (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы болсун) Аллахтан өлүктөрдү кандай тирилтүүсү жөнүндө сурады. Аллах ага төрт кушту союп, алардын эттерин төрт тараптагы тоого таратып, анан аларды чакырууга буюрду. Ибрахим айтылган буйрукту аткарганда, ал төрт куштун бөлүктөрү бири-бирине куралып, кайра тирилип, анын астына ылдам келишти. Бул окуяны Бийик Аллах мындай баяндаган:
«Ибрахим Аллахка: «Эй Раббим! Мага өлүктөрдү кантип тирилтүүңдү көргөз» -дегенде, Аллах: «Сен (өлүктөрдү кайра тирилтүүмө) ыйман келтирбедиңби?» -деди. Ибрахим: «Ооба (ыйман келтирдим), бирок жүрөгүм бейпил болуусу үчүн (суранып жатам) -деди. Аллах айтты: «Төрт кушту алып, өзүңө каратып (союп, бөлүп), Андан соң алардын (өлүк) бөлүктөрүн ар кайсы тоого коюп, анан чакыр. Алар астыңа ылдам келишет. Дагы билгин: Аллах Кубаттуу жана Даанышман болгон Зат».
(Бакара: 260)
Мына ушул болгон –көз көргөн окуялар өлүктөрдү тирилтүү мүмкүндүгүн көргөзүп турат. Жогоруда, Аллахтын уруксааты менен Иса пайгамбарга өлүктөрдү кайра тирилтүү жана мүрзөлөрүнөн чыгаруу керемети берилгендиги жөнүндө айтылып өтүлдү.
Кайра тирилтүүнүн чындык экенине акыл-эстин далили эки тараптуу:
Экөөнүн бири:Бийик Аллах жер, асмандар жана алардагы нерселерди алгачкысынан баштап баарын Өзү жараткан болсо, демек кайра дагы жаратууга да кудуреттүү болот.Бийик Аллах айтты:«Аллах макулуктарды биринчи жолу жараткан. Кийин (кыяматта) кайрадан жарата турган Зат. Жана ал (кайра жаратуу) Аллахка эң эле жеңил»(Рум: 27)Бийик Аллах айтты:«Абалкы жаратканыбыздай жаратабыз. Биз албетте (ушундай) кылуучубуз»(Анбия: 104)Чирип калган сөөктү кайра тирилтүүгө ишенбегендерге жооп кылып айтты:Айткын: «Аны биринчи ирет (оболу топурактан, анан бел суудан) жараткан Зат (кайра дагы ошол топурактан) тирилтет. Ал ар бир макулукту (кандай жаратаарын жакшы) билет.Ясин: 79Экинчи:Не бир шибер, не бир дарак болбогон тап-такыр боз жер жамгыр жаашы менен арекетке келип, көпчүп чыгып, көгөрүп тирилип адамдарды кубанычка бөлөйт. Ушул өлүк жерди ушинтип кайра тирилткен Зат, өлүк денелерди да кайра тирилтүүгө шексиз кудуреттүү. Бийик Аллах айтты:«Аллахтын белгилеринин бири: сен жерди тынч (жансыз) турганын көрөсүң. (Анан) Биз ага жамгыр жаадырсак, кыймылга келип, өсөт (көпчүп чыгат). Ошол жерди тирилткен Зат, сөзсүз өлүктөрдү да тирилтүүчү. Аллах, шексиз, бардык нерсеге Кудуреттүү»(Фуссилат: 39)Бийик Аллах айтты:«Биз асмандан берекелүү сууну жаадырдык. Андан соң ал (жамгыр) менен бак-дарактарды, үрөн-уруктардыжана мөмөлүү, бийик курмалардыпенделерге ырыскы кылып өстүрдүк жана өлүк шаарларды тирилттик. Кайтуу да ушундай болот»(Каф: 9-11)
Бийик Аллах жер, асмандар жана алардагы нерселерди алгачкысынан баштап баарын Өзү жараткан болсо, демек кайра дагы жаратууга да кудуреттүү болот.
Бийик Аллах айтты:
«Аллах макулуктарды биринчи жолу жараткан. Кийин (кыяматта) кайрадан жарата турган Зат. Жана ал (кайра жаратуу) Аллахка эң эле жеңил»
(Рум: 27)
Бийик Аллах айтты:
«Абалкы жаратканыбыздай жаратабыз. Биз албетте (ушундай) кылуучубуз»
(Анбия: 104)
Чирип калган сөөктү кайра тирилтүүгө ишенбегендерге жооп кылып айтты:
Айткын: «Аны биринчи ирет (оболу топурактан, анан бел суудан) жараткан Зат (кайра дагы ошол топурактан) тирилтет. Ал ар бир макулукту (кандай жаратаарын жакшы) билет.
Ясин: 79
Экинчи:
Не бир шибер, не бир дарак болбогон тап-такыр боз жер жамгыр жаашы менен арекетке келип, көпчүп чыгып, көгөрүп тирилип адамдарды кубанычка бөлөйт. Ушул өлүк жерди ушинтип кайра тирилткен Зат, өлүк денелерди да кайра тирилтүүгө шексиз кудуреттүү. Бийик Аллах айтты:
«Аллахтын белгилеринин бири: сен жерди тынч (жансыз) турганын көрөсүң. (Анан) Биз ага жамгыр жаадырсак, кыймылга келип, өсөт (көпчүп чыгат). Ошол жерди тирилткен Зат, сөзсүз өлүктөрдү да тирилтүүчү. Аллах, шексиз, бардык нерсеге Кудуреттүү»
(Фуссилат: 39)
Бийик Аллах айтты:
«Биз асмандан берекелүү сууну жаадырдык. Андан соң ал (жамгыр) менен бак-дарактарды, үрөн-уруктарды
жана мөмөлүү, бийик курмаларды
пенделерге ырыскы кылып өстүрдүк жана өлүк шаарларды тирилттик. Кайтуу да ушундай болот»
(Каф: 9-11)
Акырет күнүнө ыйман келтирүүнүн курамына
өлүмдөн соң болчу бардык нерселер кирет.
Кабыр (мүрзө) сыноосу: Кабыр сыноосу деп, адамдын денесин кабырга койгондон соң, эки периштенин аны Раббиси, дини жана пайгамбары жөнүндө суракка тартуусуна айтылат. Бул сыноо учурунда Аллах момун пенделерин өзгөргүс, бекем сөз менен кубаттайт. Ошондуктан момун: «Раббим-Аллах, диним-Ислам, пайгамбарым Мухаммад – деп айтат. Ал эми заалимдерди болсо, Аллах адаштырат (сурак мезгилинде) каапыр «А., а билбеймин» -дейт. Эки жүздүү же болбосо динден шек санаган киши болсо: «Билбеймин. Адамдар бирдемелер деп айтканын уккамын. Мен деле ошенткемин» -дейт.
Кабырдагы азап жана ырахат: 1) Кабыр азабы каапырлар, эки жүздүүлөрдөн болгон заалимдер үчүн даярдап коюлган. Бийик Аллах айтты:«Заалимдерди өлүм алдындагы оор, кыйынчылык мезгилинде бир көрсөңүз эле: «Периштелер (аларга) колдорун узатып: «Жаныңарды бери чыгаргыла! Бүгүн Аллахка жалган сөздөрдү айтканыңардын жана Анын аяттарынан текеберлене жүз бурганыңар үчүн кордук азабы менен жазаланасыңар!»(Аньам: 93)Бийик Аллах Фараондун үй-бүлөсү жөнүндө мындай деген:«Алар эртели –кеч тозокко туш кылынышат. Кыямат күнүндө болсо, Фараондун үй-бүлөсүн эң катуу азапка киргизгиле»-деп айтылат»(Гаафыр: 78)Имам Муслимдин «Сахих» китебинде Зайд ибн Сабиттен риваят кылынат Ал айтты: «Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун):«Эгер силер бири-бириңерди көмүүчү болбогонуңарда, мен өзүм кээ бир уккан кабыр азабын силерге да угузуусун сурап Аллахка дуба кылар элем»-деди.Сахабалар: «Кабыр азабынан Аллахтан коргоо сурайбыз»-дешти, ал айтты:"Кабыр азабынан Аллахтан коргоо тилегиле""Кабыр азабынан Аллахтан коргоо тилейбиз" дештиАйтты:«Көрүнгөн жана көрүнбөгөн жамандык, сыноолордон Аллахтан коргоо тилегиле»«Көрүнгөн жана көрүнбөгөн жамандык, сыноолордон Аллах сактасын»-дешти.Айтты:«Аллахтан Дажжалдын жамандыгынан, азгыруусунан коргоо тилегиле»"Дажжалдын жамандыгынан, азгыруусунан коргоо тилейбиз" - дешти.2) Ал эми кабыр жыргалчылыгы чынчыл, берилген мусулмандар үчүн гана даярдап коюлган. Бийик Аллах айтты:«Раббибиз Аллах - деп, андан соң бекем турган пенделерге периштелер түшүп: «коркпогула, кайгырбагыла жана өзүңөргө убада кылынган Бейиштен сүйүнүчтө болгула» -дешет».(Фуссилат: 30)Бийик Аллах айтты:«Жан алкымга келсе,Силер тиктеп турган абалыңардаБиз ага (өлүп бараткан адамга) силерден жакыныраакпыз. Бирок силер көрбөйсүңөр(Кана эле) эгер силер суралбай калсаңар-э …?!Эгер силер чынчыл болсоңор (чыгып бара жаткан жаныңарды) денеңерге кайтара аласыңарбы?Эгер (өлгөн киши) Аллахка жакын кишилерден болсо,Анда ага ырахат, көңүл сүйүнткөн жыргалчылык бейиш бар»(Вакиа: 30)Бараа ибн Азиб айтты: «Аллахтын элчиси кабырында эки периштенин суроолоруна жооп берген момун жөнүндө мындай деди:«Асмандан үн угулуп: «Пендем туура сүйлөдү, анын ордун Бейиштен даярдап, ага Бейиш кийимдерин кийдиргиле жана Бейиш тарапка эшик ачкыла»-деп айтат. Натыйжада ага Бейиштин ырахаттары жана жыпар жыттары алып келинет.Анын кабырын (мүрзөсүн) болсо, көз нуру жеткен жерге чейин кеңейттирилет»
«Заалимдерди өлүм алдындагы оор, кыйынчылык мезгилинде бир көрсөңүз эле: «Периштелер (аларга) колдорун узатып: «Жаныңарды бери чыгаргыла! Бүгүн Аллахка жалган сөздөрдү айтканыңардын жана Анын аяттарынан текеберлене жүз бурганыңар үчүн кордук азабы менен жазаланасыңар!»
(Аньам: 93)
Бийик Аллах Фараондун үй-бүлөсү жөнүндө мындай деген:
«Алар эртели –кеч тозокко туш кылынышат. Кыямат күнүндө болсо, Фараондун үй-бүлөсүн эң катуу азапка киргизгиле»-деп айтылат»
(Гаафыр: 78)
Имам Муслимдин «Сахих» китебинде Зайд ибн Сабиттен риваят кылынат Ал айтты: «Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун):
«Эгер силер бири-бириңерди көмүүчү болбогонуңарда, мен өзүм кээ бир уккан кабыр азабын силерге да угузуусун сурап Аллахка дуба кылар элем»-деди.
Сахабалар: «Кабыр азабынан Аллахтан коргоо сурайбыз»-дешти, ал айтты:
"Кабыр азабынан Аллахтан коргоо тилегиле"
"Кабыр азабынан Аллахтан коргоо тилейбиз" дешти
Айтты:
«Көрүнгөн жана көрүнбөгөн жамандык, сыноолордон Аллахтан коргоо тилегиле»
«Көрүнгөн жана көрүнбөгөн жамандык, сыноолордон Аллах сактасын»-дешти.
Айтты:
«Аллахтан Дажжалдын жамандыгынан, азгыруусунан коргоо тилегиле»
"Дажжалдын жамандыгынан, азгыруусунан коргоо тилейбиз" - дешти.
2) Ал эми кабыр жыргалчылыгы чынчыл, берилген мусулмандар үчүн гана даярдап коюлган. Бийик Аллах айтты:
«Раббибиз Аллах - деп, андан соң бекем турган пенделерге периштелер түшүп: «коркпогула, кайгырбагыла жана өзүңөргө убада кылынган Бейиштен сүйүнүчтө болгула» -дешет».
(Фуссилат: 30)
Бийик Аллах айтты:
«Жан алкымга келсе,
Силер тиктеп турган абалыңарда
Биз ага (өлүп бараткан адамга) силерден жакыныраакпыз. Бирок силер көрбөйсүңөр
(Кана эле) эгер силер суралбай калсаңар-э …?!
Эгер силер чынчыл болсоңор (чыгып бара жаткан жаныңарды) денеңерге кайтара аласыңарбы?
Эгер (өлгөн киши) Аллахка жакын кишилерден болсо,
Анда ага ырахат, көңүл сүйүнткөн жыргалчылык бейиш бар»
(Вакиа: 30)
Бараа ибн Азиб айтты: «Аллахтын элчиси кабырында эки периштенин суроолоруна жооп берген момун жөнүндө мындай деди:
«Асмандан үн угулуп: «Пендем туура сүйлөдү, анын ордун Бейиштен даярдап, ага Бейиш кийимдерин кийдиргиле жана Бейиш тарапка эшик ачкыла»-деп айтат. Натыйжада ага Бейиштин ырахаттары жана жыпар жыттары алып келинет.
Анын кабырын (мүрзөсүн) болсо, көз нуру жеткен жерге чейин кеңейттирилет»
Ыйманда адашкандар «мүмкүн эмес» деп, кайра тирилүүнү четке кагышты. Алар: "Эгер кабырды кайра казсак, аны мурда кандай болсо, ошондой эле турат, кенейбейт да, тарыбайт" деп айтышат.
Бул күмөндүн негизсиз экенине шарият, сезимдер жана акыл-эс далилдерди келтирет.
Шарияттын далилдери:
Кабыр азабы жана жыргалы жөнүндө өтө көп кабарлар айтылып өттү
Бухарийдин "Сахих" китебинде, Ибн Аббастан айтылган хадисте ал айтты:Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) Мадинанын курма бактарынын бирининен чыгып бара жатып, кабырларында азапталып жаткан эки адамдын добушун укту да... айтты: "Бул экөөнүн бири заара кылууда этияттанбайт эле, экинчиси болсо, чагымчылык кылчу"Муслимдин риваятында: "(Кийимин, денесин) Заарасынан тазалабайт эле"
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) Мадинанын курма бактарынын бирининен чыгып бара жатып, кабырларында азапталып жаткан эки адамдын добушун укту да... айтты: "Бул экөөнүн бири заара кылууда этияттанбайт эле, экинчиси болсо, чагымчылык кылчу"
Муслимдин риваятында: "(Кийимин, денесин) Заарасынан тазалабайт эле"
Ал эми сезимдердин далили:
Кээде уктап жаткан адам түшүндө кең, кооз рахат алган жерде же тар, коркунучтуу, кыйналган орунга түшүп калат да, андан чыга албай азап тартат. Кээде ошол абалында ойгонуп кетет. Жылуу, жумшак төшөгүндө жатканына карабастан, ушинтип кыйналат. Уйку өлүмдүн бир тууганы. Ошондуктан Аллах уйкуну "өлүм" деп атаган.
Бийик Аллах айтты:"Өлөр мезгилде жанды Аллах алат. Өлбөгөндөрдүн жанын уйкуда алат. (Түшүндүрмө: уктап жатканда бардык сезим-туюмдарын, ой жүгүртүүлөрүн өлүк сыяктуу кылып токтотуп койот. Бул аятта Аллах уйкуну өлүм деп атады. Уйку кичи өлүм деген сөздүн далили ушул аятта келген) Ошондой эле, (уйкуда) өлүүгө өкүм кылынгандардын жанын (Аллах Өз) алдында алып калат да, башкалардыкын белгилүү бир мөөнөткө чейин кайра жиберет"(Зумар: 42)
"Өлөр мезгилде жанды Аллах алат. Өлбөгөндөрдүн жанын уйкуда алат. (Түшүндүрмө: уктап жатканда бардык сезим-туюмдарын, ой жүгүртүүлөрүн өлүк сыяктуу кылып токтотуп койот. Бул аятта Аллах уйкуну өлүм деп атады. Уйку кичи өлүм деген сөздүн далили ушул аятта келген) Ошондой эле, (уйкуда) өлүүгө өкүм кылынгандардын жанын (Аллах Өз) алдында алып калат да, башкалардыкын белгилүү бир мөөнөткө чейин кайра жиберет"
(Зумар: 42)
Ал эми акылда:
Адам уйкусунда чындыкка дал келген түштөрдү көрөт, кээде пайгамбарды (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) кээ бир сыпаттары менен көрөт. Ким аны сыпаттары менен көрсө, демек, чындап көргөн болот. Төшөгүндө жатып алып өтө алыстагы нерселерди көрүүсү мүмкүн. Мына ушундай абалдар ушул дүйнөдө болуп жаткан сон, акыретте кантип болбосун?
Ал эми алардын кабырды кайра ачканда анда эч кандай өзгөрүү болбоду го деген күмөндөрүнө төмөндө бир канча жооп бар:
Биринчи:Негизсиз күмөндөр менен шариятта келген буйруктарга, кабарларга каршы чыгууга болбойт. Эгерде ошол шариятка каршы болуп жаткан киши акыйкат менен ойлонуп көрсө, бул күмөндөрдө эч бир чындык жок экендигин билмек. Мындай сөз бар:"Туура сөздү айыптаган канчалаган адамдар бар, алардын кемчилиги - туура эмес түшүнүк"Экинчи:Кабыр жашоосу сезимден сырткары болуучу кайып ааламга кирет. Эгер сезиле турган иш болгондо, анда кайыпка ишенүүнүн пайдасы жок болмок жана кайыпка ишенген ыймандуу менен аны жокко чыгарган ыймансыздын айырмасы болбой калмак.Үчүнчү:Кабырдын азабы жана жыргалы, кендиги жана тардыгы өлүктүн өзүнө гана билинет. Бул уктап жаткан адамдын жакшы, же жаман түш көргөнү сыяктуу эле. Анын жанында жаткан адам тигинин кыйналганын да, жыргаганын да сезбейт. Кээде пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) сахабаларынын жанында отурганда ага Аллахтан кабар түшчү. Ал кабарды укчу, башкалар укчу эмес. Кээде периште ага адам кейпинде келип сүйлөчү, сахабалар аны укчу да, көрчү да эмес.Төртүнчү:Макулуктардын акылы чектүү. Аллах берген, чектеген мүмкүнчүктө гана биле, түшүнө алат. Бардык нерсеге акылы жете берүү мүмкүн эч качан мүмкүн эмес. Жети кабат асман жана жер, андагы бардык макулуктар Аллахка тасбих, мактоо айтышат. Аны Аллах каалаганына кээде угузат. А бирок бизге бул нерселер угулбайт. Аллах муну бизге минтип айткан:Аллахка жети асман, жер жана алардагы бардык (жандуу-жансыз) нерселер мактоо менен тасбих айтышат. Бирок, алардын тасбихтерин силер түшүнбөйсүңөр.(Исра : 44)Шайтандар жана жиндер ары-бери заматта барып келишет. Чынында жиндер Аллахтын элчисине келип, анын Куран окуганын тынчтанып, угуп анан коомдоруна эскертип кетишкен. Ага карабастан алар бизден тосулган. Ал туурасында Бийик Аллах мындай дейт:О,Адам урпактары,Шайтан ата-эненерди бейиштен чыгарып, уяттуу жерлери көрүнүп калуусу үчүн кийимдерин чечип койгону сыяктуу, силерди да азгырып койбосун! Ал жана ага окшогондор (жиндер) силерди силер көрбөгөн тараптан көрүп турат. Чынында, Биз шайтандарды ыйман келтирбеген адамдарга дос-башчы кылып койдук"(Аьраф: 27)
Негизсиз күмөндөр менен шариятта келген буйруктарга, кабарларга каршы чыгууга болбойт. Эгерде ошол шариятка каршы болуп жаткан киши акыйкат менен ойлонуп көрсө, бул күмөндөрдө эч бир чындык жок экендигин билмек. Мындай сөз бар:
"Туура сөздү айыптаган канчалаган адамдар бар, алардын кемчилиги - туура эмес түшүнүк"
Экинчи:
Кабыр жашоосу сезимден сырткары болуучу кайып ааламга кирет. Эгер сезиле турган иш болгондо, анда кайыпка ишенүүнүн пайдасы жок болмок жана кайыпка ишенген ыймандуу менен аны жокко чыгарган ыймансыздын айырмасы болбой калмак.
Үчүнчү:
Кабырдын азабы жана жыргалы, кендиги жана тардыгы өлүктүн өзүнө гана билинет. Бул уктап жаткан адамдын жакшы, же жаман түш көргөнү сыяктуу эле. Анын жанында жаткан адам тигинин кыйналганын да, жыргаганын да сезбейт. Кээде пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) сахабаларынын жанында отурганда ага Аллахтан кабар түшчү. Ал кабарды укчу, башкалар укчу эмес. Кээде периште ага адам кейпинде келип сүйлөчү, сахабалар аны укчу да, көрчү да эмес.
Төртүнчү:
Макулуктардын акылы чектүү. Аллах берген, чектеген мүмкүнчүктө гана биле, түшүнө алат. Бардык нерсеге акылы жете берүү мүмкүн эч качан мүмкүн эмес. Жети кабат асман жана жер, андагы бардык макулуктар Аллахка тасбих, мактоо айтышат. Аны Аллах каалаганына кээде угузат. А бирок бизге бул нерселер угулбайт. Аллах муну бизге минтип айткан:
Аллахка жети асман, жер жана алардагы бардык (жандуу-жансыз) нерселер мактоо менен тасбих айтышат. Бирок, алардын тасбихтерин силер түшүнбөйсүңөр.
(Исра : 44)
Шайтандар жана жиндер ары-бери заматта барып келишет. Чынында жиндер Аллахтын элчисине келип, анын Куран окуганын тынчтанып, угуп анан коомдоруна эскертип кетишкен. Ага карабастан алар бизден тосулган. Ал туурасында Бийик Аллах мындай дейт:
О,Адам урпактары,Шайтан ата-эненерди бейиштен чыгарып, уяттуу жерлери көрүнүп калуусу үчүн кийимдерин чечип койгону сыяктуу, силерди да азгырып койбосун! Ал жана ага окшогондор (жиндер) силерди силер көрбөгөн тараптан көрүп турат. Чынында, Биз шайтандарды ыйман келтирбеген адамдарга дос-башчы кылып койдук"
(Аьраф: 27)
Эгер инсан жана башка макулуктар бардык эле нерсени көрө албагандан кийин, кайыптан бекемделген өздөрү көрө албаган нерселерди кайтаруусу туура эмес.
Кадар (тагдыр) – Бийик Аллахтын эзелки илими жана даанышмандыгы боюнча коюлган барлыктын өлчөмү демек.
Тагдырга ыйман келтирүү төрт маселени өз ичине алат:
Биринчи:Бийик Аллах өзүнүн абалкы жана эзелки илими менен, барлыктагы бардык нерселердин тагдырын, алар жаралганга чейин эле билгенине ишенүү.Экинчи:Бардык нерселердин тагдырын Бийик Аллах «Лавхул Махфуз»га жазып койгонуна ишенүү. Бул айтылгандар жөнүндө Аллах мындай деген:«Сен (Эй Мухаммад) Аллах асман жана жердеги бардык нерселерди билишин, бул нерселер Китепте (Лавхул Махвузда) жазылган экенин жана бул Аллахка оңой экенин билдиң го?»(Хаж: 70)Имам Муслимди «Сахих» китебинде Абдуллах ибн Амр ибн Аас (ага Аллах ыраазы болсун) риваят кылынат: «Ал айты: «Мен Аллахтын элчисинин минтип айтканын уктум:"Аллах жаратылган нерселердин тагдырын, жер жана асмандарды жаратуудан элүү миң жыл илгери жазып койгон»Үчүнчү:Бардык нерселер Аллахтын каалоосу менен гана болооруна ишенүү. Бийик Аллах айтты:"Сенин Раббиң Өзү каалаган нерсесин жаратат жана ыктыяр кылат"(Касас: 68)Жана айтты:"Аллах каалаган нерсесин жасайт»(Ибрахим: 27)Жана айтты:Ал (Аллах ) силерге, энеңердин курсагында (болгонуңарда) кандай кааласа – ошондой сүрөт берет»(Аалы Имран: 6)Жаратылгандардын бүткүл кылган нерселери жөнүндө Аллах мындай деген:Эгер Аллах кааласа силердин үстүңөрдөн аларга бийлик бермек да, алар силер менен согушууга чыкмак.(Ниса: 90)Жана айтты:«Эгер Аллах кааласа алар мындай кылмак эмес. Аларды токуган дооматтары менен жөн кой»(Аньам: 112)Төртүнчү:Бардык нерселер өз заты, сыпаты жана аракеттери менен Бийик Аллахтын жаратылган макулуктары болуп саналат.Бийик Аллах айтты:«Аллах бардык нерсенин Жаратуучусу жана Аллах бардык нерсеге Өкүл-коргоочу»(Зумар:62)Аруу Аллах айтты:«Аллах бардык нерселерди жаратты жана (аябай так) өлчөп койду»(Фуркан: 2)Бийик Аллах Куранда, Ибрахим (ага Аллахтын тынчтыгы жана саламаттыгы) өз коомуна мындай деп кайрылганын баяндаган«Аллах силерди жана силердин иштериңерди жаратты»(Саффат: 96)
Бийик Аллах өзүнүн абалкы жана эзелки илими менен, барлыктагы бардык нерселердин тагдырын, алар жаралганга чейин эле билгенине ишенүү.
Экинчи:
Бардык нерселердин тагдырын Бийик Аллах «Лавхул Махфуз»га жазып койгонуна ишенүү. Бул айтылгандар жөнүндө Аллах мындай деген:
«Сен (Эй Мухаммад) Аллах асман жана жердеги бардык нерселерди билишин, бул нерселер Китепте (Лавхул Махвузда) жазылган экенин жана бул Аллахка оңой экенин билдиң го?»
(Хаж: 70)
Имам Муслимди «Сахих» китебинде Абдуллах ибн Амр ибн Аас (ага Аллах ыраазы болсун) риваят кылынат: «Ал айты: «Мен Аллахтын элчисинин минтип айтканын уктум:
"Аллах жаратылган нерселердин тагдырын, жер жана асмандарды жаратуудан элүү миң жыл илгери жазып койгон»
Үчүнчү:
Бардык нерселер Аллахтын каалоосу менен гана болооруна ишенүү. Бийик Аллах айтты:
"Сенин Раббиң Өзү каалаган нерсесин жаратат жана ыктыяр кылат"
(Касас: 68)
Жана айтты:
"Аллах каалаган нерсесин жасайт»
(Ибрахим: 27)
Жана айтты:
Ал (Аллах ) силерге, энеңердин курсагында (болгонуңарда) кандай кааласа – ошондой сүрөт берет»
(Аалы Имран: 6)
Жаратылгандардын бүткүл кылган нерселери жөнүндө Аллах мындай деген:
Эгер Аллах кааласа силердин үстүңөрдөн аларга бийлик бермек да, алар силер менен согушууга чыкмак.
(Ниса: 90)
Жана айтты:
«Эгер Аллах кааласа алар мындай кылмак эмес. Аларды токуган дооматтары менен жөн кой»
(Аньам: 112)
Төртүнчү:
Бардык нерселер өз заты, сыпаты жана аракеттери менен Бийик Аллахтын жаратылган макулуктары болуп саналат.
Бийик Аллах айтты:
«Аллах бардык нерсенин Жаратуучусу жана Аллах бардык нерсеге Өкүл-коргоочу»
(Зумар:62)
Аруу Аллах айтты:
«Аллах бардык нерселерди жаратты жана (аябай так) өлчөп койду»
(Фуркан: 2)
Бийик Аллах Куранда, Ибрахим (ага Аллахтын тынчтыгы жана саламаттыгы) өз коомуна мындай деп кайрылганын баяндаган
«Аллах силерди жана силердин иштериңерди жаратты»
(Саффат: 96)
Тагдырга ыйман келтирүү, пенде өз ишине ылайык ыктыяр жана мүмкүнчүлүк берилгендигине каршы келбейт. Буга шарияттан жана реал жашоодон далилдер бар
Шарияттын далилдери:
Бийик Аллах инсандын каалоо-ыктыяры жөнүндө мындай деген:«Ким кааласа, кайтуу үчүн Раббисине жол алат»(Наба: 39)Жана айтты:«Аялыңарга өзүңөр каалаган тараптан келгиле»(Бакара: 223)Ал эми, инсандын кудурети жөнүндө мындай деген:«Аллахтан кудуретиңер жеткенче такыбаа кылгыла (корккула)...»(Тагаабун: 16)Жана айтты:«Аллах эч бир жанга күчү жетпеген нерсени жүктөбөйт. Анын жасаган нерсеси өзүнүн пайдасына же зыянына болот»(Бакара: 286)
«Ким кааласа, кайтуу үчүн Раббисине жол алат»
(Наба: 39)
Жана айтты:
«Аялыңарга өзүңөр каалаган тараптан келгиле»
(Бакара: 223)
Ал эми, инсандын кудурети жөнүндө мындай деген:
«Аллахтан кудуретиңер жеткенче такыбаа кылгыла (корккула)...»
(Тагаабун: 16)
Жана айтты:
«Аллах эч бир жанга күчү жетпеген нерсени жүктөбөйт. Анын жасаган нерсеси өзүнүн пайдасына же зыянына болот»
(Бакара: 286)
Ал эми реалдуулуктун далили:
Албетте, ар бир инсан өзүнүн каалоосу, чектүү кудурети бар экенин билет жана өз каалоо-кудурети менен каалаган ишин жасайт, каалаганын жөн коет. Инсанга тиешелүү иштер эки түрлүү болот. Биринчисин өз каалоосу менен аткарат: жүрүү, туруу, олтуруу сыяктуу. Экинчиси: анын каалоосунан сырттагы иштер: корккондо титиреп кетүү сыяктуу. Инсан бул эки ишти бири-биринен айырмалай алат. Ал эми, инсандын каалоосу жана кудурети Аллахтын гана каалоо-кудурети менен болот. Бийик Аллах айтты:Силердин араңардан оңолууну каалгандар үчүн (эскертүү!)«Силер бардык ааламдардын Раббиси Аллах каалаган нерсени гана каалайсыңар»(Таквир: 28-29)
Силердин араңардан оңолууну каалгандар үчүн (эскертүү!)
«Силер бардык ааламдардын Раббиси Аллах каалаган нерсени гана каалайсыңар»
(Таквир: 28-29)
Анткени, бардык ааламдар жалгыз Аллахтын мүлкү. Анын жеке менчик мүлкүндө Анын каалоосу жана илимисиз эч бир нерсе болбойт.
Бирок, тагдырды мындай түшүнүү пенделер үчүн күнөө иштерди (Аллахка шилтеп коюп) кыла берүүсүнө далил болбойт.
Биринчи:Бийик Аллахтын сөзү:«Тез арада мушриктер: «Эгер Аллах кааласа биз да ата-бабаларыбыз да ширк келтирбейт элек жана эч нерсени арам кылбайт элек» - дешет. Алардан илгеркилер дагы дал ушундай калп айтышып, Биздин азапты тарткан. (Эй Мухаммад) Сен аларга: «Силерде (бул жөнүндө) илим барбы? Бизге аны көргөзөсүңөрбү? Силер болгону шек-күмөнгө жетеленип жатасыңар. Силер болгону божомолдоп гана жатасыңар»-дегин»(Аньам: 148)
Бийик Аллахтын сөзү:
«Тез арада мушриктер: «Эгер Аллах кааласа биз да ата-бабаларыбыз да ширк келтирбейт элек жана эч нерсени арам кылбайт элек» - дешет. Алардан илгеркилер дагы дал ушундай калп айтышып, Биздин азапты тарткан. (Эй Мухаммад) Сен аларга: «Силерде (бул жөнүндө) илим барбы? Бизге аны көргөзөсүңөрбү? Силер болгону шек-күмөнгө жетеленип жатасыңар. Силер болгону божомолдоп гана жатасыңар»-дегин»
(Аньам: 148)
Эгер мушриктердин тагдырга шилтегени туура болгондо, Аллах аларга азабын жибербейт эле.
Экинчи:Бийик Аллахтын сөзү:«Адамдар үчүн –пайгамбарлардан соң-Аллахка каршылыктуу далил болбос үчүн, пайгамбарларды эскертүүчү жана сүйүнүч кабарын берүүчү кылып жибердик...»(Ниса: 165)
Бийик Аллахтын сөзү:
«Адамдар үчүн –пайгамбарлардан соң-Аллахка каршылыктуу далил болбос үчүн, пайгамбарларды эскертүүчү жана сүйүнүч кабарын берүүчү кылып жибердик...»
(Ниса: 165)
Эгерде тагдырга ыйман келтирбөөчүлөрдүн «биздин бул ишибиз-тагдыр» деп актануулары чын болсо, Аллах аларга эскертүүчү пайгамбарлардын келүүсү менен токтоп калбайт болчу. (Пайгамбарлардын келүүсү менен алардын китептеринде адамга ыктыяр берилгендиги, кылган күнөөсүн тагдырга шылтоо туура эмес экендиги баяндалып, тагдырга шылтоочулардын далили жокко чыгарылган)
Үчүнчү:Бухарий жана Муслим келтирген, бул риваятБухарийге таандык - Али ибн Абу Талиптен (ага Аллах ыраазы болсун) риваят кылынат, айтты Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун):Ар бириңердин Бейиштеги же тозоктогу ордуңар (тагдырда) жазылган»Эл арасынан бирөөсү: «андай болсо, ошол тагдырга таянып эле койбойлубу? Оо, Аллахтын элчиси» - деп сурады.Анда пайгамбар: «Жок. Амал кылгыла. Ар бир кишиге (эмнеге жаратылган болсо, ошого) жеңилдетилген»-деди. Андан соң (мына бул аятты) окуду:«Эми, ким (садака) берсе жана такыбаа болсо..., (жана да жакшылыкты (ыйман, динди) тастыктаса –Биз аны оңой жолго (ага бардык иштеринде ийгилик берип, жеңилдетебиз) салабыз)"(Лайл: 5)Ал эми Муслимдин риваятындаАр бир кишиге эмнеге жаратылган болсо, ошого жеңилдетилгенПайгамбарыбыз Мухаммад (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун ) амал кылууга буюруп, тагдырга шылтап коюууга тыюуу салган.Төртүнчү:Бийик Аллах пенделерин кудурети жетип, аткарууга мүмкүнчүлүгү болгон гана нерселерди буюрду Бийик Аллах айтты:«Күчүңөр жеткенче Аллахтан такыбаа кылгыла»(Тагаабун: 16)Жана айтты:«Аллах ар бир жанды кудуретинен ашыкча ишке буюрбайт»(Бакара: 286)
Бухарий жана Муслим келтирген, бул риваят
Бухарийге таандык - Али ибн Абу Талиптен (ага Аллах ыраазы болсун) риваят кылынат, айтты Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун):
Ар бириңердин Бейиштеги же тозоктогу ордуңар (тагдырда) жазылган»
Эл арасынан бирөөсү: «андай болсо, ошол тагдырга таянып эле койбойлубу? Оо, Аллахтын элчиси» - деп сурады.
Анда пайгамбар: «Жок. Амал кылгыла. Ар бир кишиге (эмнеге жаратылган болсо, ошого) жеңилдетилген»-деди. Андан соң (мына бул аятты) окуду:
«Эми, ким (садака) берсе жана такыбаа болсо..., (жана да жакшылыкты (ыйман, динди) тастыктаса –Биз аны оңой жолго (ага бардык иштеринде ийгилик берип, жеңилдетебиз) салабыз)"
(Лайл: 5)
Ал эми Муслимдин риваятында
Ар бир кишиге эмнеге жаратылган болсо, ошого жеңилдетилген
Пайгамбарыбыз Мухаммад (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун ) амал кылууга буюруп, тагдырга шылтап коюууга тыюуу салган.
Төртүнчү:
Бийик Аллах пенделерин кудурети жетип, аткарууга мүмкүнчүлүгү болгон гана нерселерди буюрду Бийик Аллах айтты:
«Күчүңөр жеткенче Аллахтан такыбаа кылгыла»
(Тагаабун: 16)
Жана айтты:
«Аллах ар бир жанды кудуретинен ашыкча ишке буюрбайт»
(Бакара: 286)
Эгреде пенде өзүнүн кылган ишинде ыктыяры жок мажбур деп айтылса. Анда пендеге кудурети жетпеген нерсе жүктөлгөн болуп калмак. Аббетте бул туура эмес. (Жогоруда айтып өткөндөй: пендеге ыктыяр берилген. Ага кудурети жеткен нерсе гана жүктөлгөн) Ошондуктан пенде атайлабастан, чын эле унутуп же мажбурланып же билбей калып күнөө жасаса, шарият бул абалдарда андай адамды үзүрлүү катары карайт.
Бешинчи:Аллахтын тагдыры-бул сыр. Кайсы бир нерсе болгондон кийин гана тагдырда бар экенин билебиз. Пенденин каалоосу ишинен алдын болот. Демек, анын бир ишти каалаганы, ошол иш анын тагдырында бар экенин билгенине негизделбейт. Ошондой болгон соң адам (пенде) өзү билбеген нерсесин (тагдырды) күнөө иштерине шылтоо кылганы далилге жатпайт.Алтынчы:Биз жакшы билебиз: инсан дүйнө иштеринде (соода-сатык ж.б.) өзүнө жаккан ишти жасайт, жакпаганын жасабайт жана бул (акылман) ишин тагдырга шилтебейт (өзүмдүн акылдуу тандоомдон дейт). Ал эми дин иштеринде болсо, өзүнө пайдалуу жолдон зыяндуу жолго бурулуп кетет да, анан «тагдыр ушул экен» -деп тагдырга шилтейт. Эмне үчүн? Экөө бирдей эле маселе эле го?!Муну түшүндүрүү үчүн мисал келтиребиз:Бир адамдын алдында эки жол бар. Биринчиси кооптуу, коркунучтуу, бузукулук, адам өлтүрүү, ачарчылык бийлеген шаарга,Экинчи:Тазалык, тынчтык, береке бийлик кылган шаарга алып барат. Эми акылдуу адам кайсыл жолду тандайт?
Аллахтын тагдыры-бул сыр. Кайсы бир нерсе болгондон кийин гана тагдырда бар экенин билебиз. Пенденин каалоосу ишинен алдын болот. Демек, анын бир ишти каалаганы, ошол иш анын тагдырында бар экенин билгенине негизделбейт. Ошондой болгон соң адам (пенде) өзү билбеген нерсесин (тагдырды) күнөө иштерине шылтоо кылганы далилге жатпайт.
Алтынчы:
Биз жакшы билебиз: инсан дүйнө иштеринде (соода-сатык ж.б.) өзүнө жаккан ишти жасайт, жакпаганын жасабайт жана бул (акылман) ишин тагдырга шилтебейт (өзүмдүн акылдуу тандоомдон дейт). Ал эми дин иштеринде болсо, өзүнө пайдалуу жолдон зыяндуу жолго бурулуп кетет да, анан «тагдыр ушул экен» -деп тагдырга шилтейт. Эмне үчүн? Экөө бирдей эле маселе эле го?!
Муну түшүндүрүү үчүн мисал келтиребиз:
Бир адамдын алдында эки жол бар. Биринчиси кооптуу, коркунучтуу, бузукулук, адам өлтүрүү, ачарчылык бийлеген шаарга,
Экинчи:
Тазалык, тынчтык, береке бийлик кылган шаарга алып барат. Эми акылдуу адам кайсыл жолду тандайт?
Ооба. Экинчисин тандайт. Ал тынч, тартип өкүм сүргөн берекелүү болуп жатпайбы. Акылы бар адам эч качан коркунуч, бузукулук болгон шаарды тандабайт. Бейиш менен тозоктун мисалы дагы ушул эки шаардын мисалындай. Бирок эмнегедир адам-пенде бул маселеде коркунуч өкүм кылган Тозок жолун тандап алат дагы «тагдырым ушул экен»-деп тагдырга шылтайт. А акылы каякта эле?!
Дагы башка мисал:Ооруган адам даарыгер дайындаган дарыларды каалабаса да ичет жана даарыгер тыюу салган тамактарды – напси каалап турса да – жебейт. Мунун баары шыпаа жана саламаттыкка жетүү үчүн кылынат. Белгилүү болгондой эле инсан пайдалуу болгон даарыдан баш тартып, же зыян берген тамакты жеп бул кылыкты тагдыгдырга шылтабайт. Ошондой болгон соң анда эмне үчүн ошол адам – анын пайдасы үчүн Аллах тыюуу салган күнөө иштерди жасай берет дагы «тагдырым ушул» деп тагдырга шилтеп койот?!
Ооруган адам даарыгер дайындаган дарыларды каалабаса да ичет жана даарыгер тыюу салган тамактарды – напси каалап турса да – жебейт. Мунун баары шыпаа жана саламаттыкка жетүү үчүн кылынат. Белгилүү болгондой эле инсан пайдалуу болгон даарыдан баш тартып, же зыян берген тамакты жеп бул кылыкты тагдыгдырга шылтабайт. Ошондой болгон соң анда эмне үчүн ошол адам – анын пайдасы үчүн Аллах тыюуу салган күнөө иштерди жасай берет дагы «тагдырым ушул» деп тагдырга шилтеп койот?!
Жетинчи:
Милдеттүү түрдө жүктөлгөн буйрукту таштап тагдырды далил кылган адамга
«Эгер Аллахка буюрган ибадаттарды кылбай, тетирисинче кайтарган күнөө иштерин жасап, ушул ишин тагдырга шилтеп коюп жүргөн адамдын үйүн каракчылар басып, дүйнөсүн талап, абийрин төгүп:»менден капа болбо менин зомбулугум Аллахтын тагдыры менен болду»-десе ал киши муну кабылдай албайт. О пенде! Өзүнүн укугуна зомбулук жасалса, тагдырга ынабай, анын өзү Аллахтын укугун бузуп, күнөө иштерди жасап коюп: «Тагдырым» деп, басып жүрөт!!!
Риваят кылынышынча халифа Умар ибн Хаттаптын алдына бир ууруну алып келишти. Момундардын эмири анын колун кесүүгө өкүм кылды. Анда ууру: «эй момундардын эмири, шашылба! Мен акыры Аллахтын тагдыры менен уурулук кылгам!-дегенде халиф «Биз дагы Аллахтын тагдыры менен колуңду кесебиз»-деп жооп берген экен.
Тагдырга ыйман келтирүүнүн чоң пайдалары бар, мисалы:
Биринчи:Бир ишке киришип, анын себептерин кылууда, Аллахтын Өзүнө таянуу керек.Себептерге эмес, анткени, бардык иш Аллахтын тагдыры менен болот.Экинчи:Тагдырга ыйман келтирген адам өз максатына жетишсе, оолугуп кетпейт. Бул жеңиш Аллахтын тагдыры менен болду дейт дагы Аллахка шүгүр кылат. Адамдын текеберленүүсү шүгүрдү унуттурат.Үчүнчү:Тагдырга ишенген адамдын көңүлү бейпил болот. Ал сүйгөн нерсеси болбой калса же жактырбаган иши болуп кетсе «өз майына куурулбайт». Анткени, ал «бардыгы Аллахтын каалоосу – тагдыры менен экен-болмок жана болду» -деп ишенет. Бийик Аллах айтты:"Жердеги жана силердеги бардык кайгылар Биз жаратпай туруп эле китепте (лавхул Махфузда жазылган) эле. Бул-Аллахка жеңил.Силер жетпеген нерсеңерге кайгырбашыңар жана сага (Аллах) берген нерсеге текеберленип кетпешиңер үчүн (эскерттик). Аллах текебер, мактанчаак адамдарды сүйбөйт".(Хадид: 22-23)Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) айтты:"Момундун ишине таң каламын. Анын бардык иши –жакшылык. Мындай болушу момун үчүн гана. Эгер кубаныч жетсе –шүгүр кылат. Эгер зыян жетсе –сабыр кылат. Бул ал үчүн жакшы».
Бир ишке киришип, анын себептерин кылууда, Аллахтын Өзүнө таянуу керек.
Себептерге эмес, анткени, бардык иш Аллахтын тагдыры менен болот.
Экинчи:
Тагдырга ыйман келтирген адам өз максатына жетишсе, оолугуп кетпейт. Бул жеңиш Аллахтын тагдыры менен болду дейт дагы Аллахка шүгүр кылат. Адамдын текеберленүүсү шүгүрдү унуттурат.
Үчүнчү:
Тагдырга ишенген адамдын көңүлү бейпил болот. Ал сүйгөн нерсеси болбой калса же жактырбаган иши болуп кетсе «өз майына куурулбайт». Анткени, ал «бардыгы Аллахтын каалоосу – тагдыры менен экен-болмок жана болду» -деп ишенет. Бийик Аллах айтты:
"Жердеги жана силердеги бардык кайгылар Биз жаратпай туруп эле китепте (лавхул Махфузда жазылган) эле. Бул-Аллахка жеңил.
Силер жетпеген нерсеңерге кайгырбашыңар жана сага (Аллах) берген нерсеге текеберленип кетпешиңер үчүн (эскерттик). Аллах текебер, мактанчаак адамдарды сүйбөйт".
(Хадид: 22-23)
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) айтты:
"Момундун ишине таң каламын. Анын бардык иши –жакшылык. Мындай болушу момун үчүн гана. Эгер кубаныч жетсе –шүгүр кылат. Эгер зыян жетсе –сабыр кылат. Бул ал үчүн жакшы».
Тагдырга ыйман келтирүүдө эки тайпа адамдар адашып кетишкен.
Биринчи тайпа жабария жамааты. Алар: «Инсанга ыктыяр берилген эмес. Ар бир инсан кылган ишин мажбур абалда кылат»Ал кылган ишинде өзүнүн каалоо, кудурети жок» -дешет.Экинчи:Кадария жамааты, алар: «Инсан өзү каалагандай ыктыяр кылат. Аллахтын каалоо, кудуретинин инсанга эч кандай таасири жок»- деп айткан жамаат
Ал кылган ишинде өзүнүн каалоо, кудурети жок» -дешет.
Экинчи:
Кадария жамааты, алар: «Инсан өзү каалагандай ыктыяр кылат. Аллахтын каалоо, кудуретинин инсанга эч кандай таасири жок»- деп айткан жамаат
Биз жабрия тайпасына төмөндө шарият жана реалдуулук далилдери менен жооп беребиз:
Шарияттын далилдери:
Аллах пендеге каалоо эркиндигин берип, амал кылууга да кудуреттүү экендигин баяндаган. Бийик Аллах айтты:«Силердин кээ бирөөңөр дүйнөнү, кээ бирөөңөр акыретти каалайт»Аалы Имран:152Бийик Аллах айтты:«Айткын: «Чындык Раббиңер тараптан ким кааласа –ыйман келтирсин, ким кааласа каапыр болсун. Акыйкатта Биз залимдер үчүн Тозокту даярдап койдук. Анын алоолору залимдерди курчап алат»(Кахф: 29)Бийик Аллах айтты:«Ким салих –жакшы амал кылса -өз пайдасы үчүн. Ким жамандык кылса-өзүнүн зыянына. Раббиң Өз пенделерине зулум кылуучу эмес»(Фуссилат: 46)
«Силердин кээ бирөөңөр дүйнөнү, кээ бирөөңөр акыретти каалайт»
Аалы Имран:152
Бийик Аллах айтты:
«Айткын: «Чындык Раббиңер тараптан ким кааласа –ыйман келтирсин, ким кааласа каапыр болсун. Акыйкатта Биз залимдер үчүн Тозокту даярдап койдук. Анын алоолору залимдерди курчап алат»
(Кахф: 29)
Бийик Аллах айтты:
«Ким салих –жакшы амал кылса -өз пайдасы үчүн. Ким жамандык кылса-өзүнүн зыянына. Раббиң Өз пенделерине зулум кылуучу эмес»
(Фуссилат: 46)
Ал эми реалдуулуктун далили:
Ар бир адам өз ыктыяры менен болчу жеп-ичүү, уктап-туруу, соода-сатык сыяктуу иштери менен ыктыярынан сырттагы ысытма, оруу абалында титиреп-какшоо, кулап кетүү сыяктуу иштердин арасын ажырата алат. Ал биринчи абалда ыктыярдуу, экинчисинде ыктыярсыз. (Жабариялар болсо бардыгы ыктыярсыз деп ойлошот).
Кадарияларга да шарият менен акыл-эстенжооп айтып, далил келтиребиз.
Шарияттын далилдери:
Бийик Аллах бардык нерселердин Жаратуучусу. Бардык нерсе Анын каалоосу менен гана жаралат. Бийик Аллах Өз китебинде пенделердин амал-иштери Өзүнүн (Аллахтын) каалоосу менен гана болушун айткан«Эгер Аллах кааласа –баяндар келген соң –алардан кийинки адамдар согушпайт болчу. Бирок, алар келише албай калышты. Кээ бирөөлөрү ыйман келтирип, кээ бирөөлөрү каапыр болушту. Эгер Аллах каалаганда алар согушпайт эле. Бирок, Аллах Өзү каалаган нерсесин жасайт»(Бакара: 253)Бийик Аллах айтты:«Эгер Биз кааласак ар бир жандын өзүнө туура жолун бермекпиз. Бирок, Мен тараптан (аларга) өзгөрүүсүз сөз (буйрук,чечим) болду. Шексиз Мен тозокту адамдар менен жиндердин көп жамааты менен толтурамын»(Сажда: 13)
«Эгер Аллах кааласа –баяндар келген соң –алардан кийинки адамдар согушпайт болчу. Бирок, алар келише албай калышты. Кээ бирөөлөрү ыйман келтирип, кээ бирөөлөрү каапыр болушту. Эгер Аллах каалаганда алар согушпайт эле. Бирок, Аллах Өзү каалаган нерсесин жасайт»
(Бакара: 253)
Бийик Аллах айтты:
«Эгер Биз кааласак ар бир жандын өзүнө туура жолун бермекпиз. Бирок, Мен тараптан (аларга) өзгөрүүсүз сөз (буйрук,чечим) болду. Шексиз Мен тозокту адамдар менен жиндердин көп жамааты менен толтурамын»
(Сажда: 13)
Ал эми акылда:
Бүтүн барлык Аллахтын мүлкү. Инсан ушул барлыктын бир гана бөлүгү. Демек, ал дагы Аллахтын мүлкү. Мүлк (кул) кожоюндун каалоосу менен гана иш аткарат.
«Максат» сөзүнүн бир мааниси «умтулуу үчүн көздө тутулган нерсе» дегени.
Ислам ишениминин максаттарынан кээ бирөөлөрү төмөндөгүлөр:
Биринчиден:Ниет жана ибадатты Аллахтын Өзү үчүн ылас менен кылуу. Анткени, Аллах шериксиз Жаратуучу. Демек, максат жана ибадат Анын өзү үчүн гана болуш керекЭкинчиден:Акыл жана пикирди ыймансыздыктан келүүчү бей-баш ойлордон тазалоо. Анткени, ишеним- ыймандан бош жүрөк көрүнгөн, билинген нерселерге сыйынат жана ар кандай адашуучулуктар менен толтура болот.Үчүнчүдөн:Адамдын пикириндеги жана жан-дүйнөсүндөгү ырахаттуулукЫймандуу адам ой-пикиринде жана руханий жан-дүйнөсүндө стресстерге кабылбайт. Анткени, ыйман мусулман кишини өз Раббиси менен байланыштырат. Натыйжада ыймандуу адам Бийик Аллахты, жашоону эрежелештирүүчү кожоюн жана мыйзам түзүп берүүчү. Аким деп ыраазы болот. Жүрөгү Аллахтын тагдырынан канаттанат жана ислам динине кенен ачылат. Ал (момун) бул руханий азыктарга бедел (башкасын) издебейт.Төртүнчүдөн:Аллахка ибадат кылуу жана адамдар менен мамиле кылууда момундун максаты жана иштери ар кандай адашуучулуктан таза болот. Анткени, момун адам ар кимдердин оюнан туура эмес нерселерге эмес, таза максат менен таза амалды гарантиялай турган пайгамбарлардын жолуна ээрчийт.Бешинчиден:Иштердеги бекемдик жана салабаттуулук Бейишке жетүү үчүн ыймандуу адам сооп болгон иштерди эмне чарасын таап болсо да жасайт. Тозоктон корккону үчүн күнөө иштерге жетеленбей бекем, салабаттуу турат. Анткени бул кишинин акыретке, бардык нерселерге жакшы-жаман жаза берилүүсүнө болгон ыйманынын негизинде жогорку иштерди жасап жатат.Бийик Аллах айтты:«Ар бир адамдын жасаган ишине жараша даражалары болот. Раббиң (пенделер) жасап жаткан иштерден кабарсыз эмес»(Аньам: 132)Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) момундарды өз максаттарына жетүүгө төмөнкү сөздөрү менен шыктандырган:«Күчтүү момун алсыз момунга караганда Аллахка жакшыраак жана сүйүктүүрөөк. Алардын экөөсүндө тең жакшылык бар. Өзүңө пайдалуу болгон нерсеге умтул, Аллахтан жардам сура, жана алсыз болбо. Эгер сага бир кайгы – капа жетсе: « Эгер тигиндей кылсам, мындай болоор эле»-деп айтпа». Аллах тагдыр кылыптыр. Ал Өз каалаганын жасайт «-дегиле. Анткени, «Эгер» деген сөз шайтандын амалдарына жол ачат»Алтынчыдан:Өз динин орнотуу жана дин негиздерин бекемдөө үчүн өзүнүн бардык кымбат баалуу нерселерин курман кыла ала турган жана ушул жолдо жеткен ар кандай кыйынчылыктарга сабыр кыла турган кудуреттүү үммөттү тарбиялоо. Бийик Аллах айтты:«Аллах жана Анын элчисине ыйман келтирген жана Аллах жолунда малдары, жандары менен жихад кылган адамдар, ошолор гана чынчыл-берилген адамдар»(Хужурат: 15)Жетинчиден:Жеке адамдарды жана коомду тазартуу менен эки дүйнө бакыт-таалайына жана Аллахтын ыраазычылыгына жетишүү. Аллах айтты:«Момун болуп жакшы амалдарды кылган эркек жана аялдарды Биз жакшы жашоо беребиз жана аларды, кылган амалдарынан жакшыраак сыйлыктар менен сыйлайбыз» (Нахл: 97)
Ниет жана ибадатты Аллахтын Өзү үчүн ылас менен кылуу. Анткени, Аллах шериксиз Жаратуучу. Демек, максат жана ибадат Анын өзү үчүн гана болуш керек
Экинчиден:
Акыл жана пикирди ыймансыздыктан келүүчү бей-баш ойлордон тазалоо. Анткени, ишеним- ыймандан бош жүрөк көрүнгөн, билинген нерселерге сыйынат жана ар кандай адашуучулуктар менен толтура болот.
Үчүнчүдөн:
Адамдын пикириндеги жана жан-дүйнөсүндөгү ырахаттуулук
Ыймандуу адам ой-пикиринде жана руханий жан-дүйнөсүндө стресстерге кабылбайт. Анткени, ыйман мусулман кишини өз Раббиси менен байланыштырат. Натыйжада ыймандуу адам Бийик Аллахты, жашоону эрежелештирүүчү кожоюн жана мыйзам түзүп берүүчү. Аким деп ыраазы болот. Жүрөгү Аллахтын тагдырынан канаттанат жана ислам динине кенен ачылат. Ал (момун) бул руханий азыктарга бедел (башкасын) издебейт.
Төртүнчүдөн:
Аллахка ибадат кылуу жана адамдар менен мамиле кылууда момундун максаты жана иштери ар кандай адашуучулуктан таза болот. Анткени, момун адам ар кимдердин оюнан туура эмес нерселерге эмес, таза максат менен таза амалды гарантиялай турган пайгамбарлардын жолуна ээрчийт.
Бешинчиден:
Иштердеги бекемдик жана салабаттуулук Бейишке жетүү үчүн ыймандуу адам сооп болгон иштерди эмне чарасын таап болсо да жасайт. Тозоктон корккону үчүн күнөө иштерге жетеленбей бекем, салабаттуу турат. Анткени бул кишинин акыретке, бардык нерселерге жакшы-жаман жаза берилүүсүнө болгон ыйманынын негизинде жогорку иштерди жасап жатат.
Бийик Аллах айтты:
«Ар бир адамдын жасаган ишине жараша даражалары болот. Раббиң (пенделер) жасап жаткан иштерден кабарсыз эмес»
(Аньам: 132)
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) момундарды өз максаттарына жетүүгө төмөнкү сөздөрү менен шыктандырган:
«Күчтүү момун алсыз момунга караганда Аллахка жакшыраак жана сүйүктүүрөөк. Алардын экөөсүндө тең жакшылык бар. Өзүңө пайдалуу болгон нерсеге умтул, Аллахтан жардам сура, жана алсыз болбо. Эгер сага бир кайгы – капа жетсе: « Эгер тигиндей кылсам, мындай болоор эле»-деп айтпа». Аллах тагдыр кылыптыр. Ал Өз каалаганын жасайт «-дегиле. Анткени, «Эгер» деген сөз шайтандын амалдарына жол ачат»
Алтынчыдан:
Өз динин орнотуу жана дин негиздерин бекемдөө үчүн өзүнүн бардык кымбат баалуу нерселерин курман кыла ала турган жана ушул жолдо жеткен ар кандай кыйынчылыктарга сабыр кыла турган кудуреттүү үммөттү тарбиялоо. Бийик Аллах айтты:
«Аллах жана Анын элчисине ыйман келтирген жана Аллах жолунда малдары, жандары менен жихад кылган адамдар, ошолор гана чынчыл-берилген адамдар»
(Хужурат: 15)
Жетинчиден:
Жеке адамдарды жана коомду тазартуу менен эки дүйнө бакыт-таалайына жана Аллахтын ыраазычылыгына жетишүү. Аллах айтты:
«Момун болуп жакшы амалдарды кылган эркек жана аялдарды Биз жакшы жашоо беребиз жана аларды, кылган амалдарынан жакшыраак сыйлыктар менен сыйлайбыз» (Нахл: 97)
Булар Ислам ишениминин максаттарынан кээ бирөөлөрү гана.
Ааламдардын Башкаруучусу Аллахка мактоо, пайгамбарыбыз Мухаммадка, анын үй-бүлөсүнө жана жалпы сахабаларына Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун