×

ИСЛАМ АДЕПТЕРИ (Кыргызча)

Даярдоо:

Description

ИСЛАМ АДЕПТЕРИ Аллахка чексиз мактоо-шүгүрлөр болсун. Анткени Ал Аллах Мухаммад, саллаллаху алейхи уа салламды, Өзүнүн ырайымына жетүүнү каалагандар үчүн үлгү кылып жиберди. Аллах таала Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламды, башкаларга үлгү кылып жебергендиги тууралуу төмөнкү аятта ачык баяндады. Аллах таала айтты: «Чындыгында Аллахтын Элчисинде силер үчүн, Аллахтын (сооп-сыйлыгын), акыретте (Анын ырайымын) үмүт кылгандар үчүн, жана Аллахты көп эстегендер үчүн эң жакшы үлгүлөр бар». Мусулман үммөтүнө жол башчы, ыймандууларга үлгү, эң жакшы күлк-мүрөздүн ээси, Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга, салам-салаваттар болсун. Аллах таала ал Пайгамбарды ыйык Куранда «улуу кулк-мүнөздүн ээси» деп баса белгилеп айткан. Аллах таала айтты: «Чындыгында сен улуу кулк-мүнөздүн ээсисиң». Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, адеп-ахлагы жана анын кулк-мүнөзү эң жогорку деңгээлдеги адеп-ахлактын башаты болгон. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Мен болгону адеп-ахлактуулукту толуктоо үчүн гана жиберилдим». Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга, толук ишенген, аны ээрчиген жана аны менен бейиште бирге болуп бактылуу болгон адам – ал Пайгамбарыбыздын адеби менен адептенген жана анын сүннөтүн толук карманган адам. Анткени Пайгамбарыбыз: «Ким адеп-ахлагын оңдосо, анда мен ага бейиштин төрүнөн хансарай берилишине кепил боломун» – деп айткан. Ким Пайгамбарга моюн сунуп, аны ээрчип, Аллахты бардык ширктерден аруулап, жалгыз Ага гана ибадат кылып, шарыятты бекем карманып, зекетин берип, ороз кармап, ата-энесине жакшылык кылып, Аллах арам кылган нерселерден тыйылып, зынадан, арактан ж.б. арам иштерден алыс жүрсө, анда Аллах таала сөзсүз бейишке киргизет. Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам: «Баш тарткандардан башка менин бардык үммөтүм бейишке кирет» – деп айтты. Ошондо: «Оо, Аллахтын Элчиси! Кимдер баш тартышат?» – деп сурашты. Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам: «Ким мага моюн сунса, анда ал бейишке кирет. Ал эми ким каршы чыкса, анда баш тарткан болот» – деп айтты». Ар бир мусулман пайгамбардай адеп-ахлактуу болушу жана анын жолун жолдоосу менен ага татыктуу үммөт боло атат. Адеп-ахлактуулукта үлгү болгон Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын ыйык насааттары тарых барактарында алтын тамгалар менен жазылып калган. Ким Пайгамбарга чыныгы үммөт болууну кааласа, анда анын адеп-ахлагын үйрөнсүн жана үй-бүлөсүнө, балдарына үйрөтсүн. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, адеп-ахлагы жана баа жеткис асыл насааттары бул «Ислам адептери» аттуу китебинде жыйынтыктап жазылган. Пайгамбарды ээрчип эки дүйнө бактылуулугуна жетүү үчүн анын асыл насааттарын окуп билүү зарыл. Мына ошондуктан бул баа жеткис асыл насааттарды жазып элге жеткирүүнү туура көрдүм. Мен бул китепти акыйкат жолун издеген бардык жаштардын окуусун, ата-энелер балдарына туура тарбия берүү үчүн окуп берүүсүн, аларга үйрөтүүсүн, мечит медреселерде окулуусун, жума кутбалардында айтылуусун жана Пайгамбарды ээрчүүнү каалаган ар бир мусулманга насаат кыламын. Түбөлүктүү, Башкаруучу, Улуу Аллах. Анын «бол» деген буйругу сөзсүз болот. Бул китептин элге пайдасы тийген, адамдарды Аллахка жакындата турган, алардын туура жолго түшүүлөрүнө себепчи болгон жана Пайгамбардын сүннөттөрүн ачыктаган китептерден болуусун Аллахтан суранам. Оо, Аллах! Өзүң Кечирүүчүсүң. Бул кирепти жазгандардын, окугандардын, тараткандардын баарын күнөөлөрүн кечирип, бейишиңе киргизе көр. Автор: Шейх Уахид Абдусалам ибну Баали

Download Book

معلومات المادة باللغة العربية